О! мобилдик операторунан Samsung Galaxy S7 утуп алуу мүмкүндүгүн кое бербеңиздер!

20.04.2016

О! мобилдик оператору Samsung Galaxy S7 флагман смартфонун жана 7 ай чексиз 4G-интернет + акысыз баарлашууну Facebook-тагы О!нун расмий баракчасында ойнотууга өз абоненттерин катышууга чакырат. Конскурска катышуу үчүн оор эмес шарттарды аткаруу керек: баракка жазылып, жарыяланганды бөлүшүп, өз пикириңизди калтыруу керек.

 «Социалдык тармактардагы биздик расмий барактар – акыркы жаңылыктарды билип, жаңы тарифтер, кызматтар, акциялар жана компаниядагы бош орундар жөнүндө биринчилерден болуп билип турууга мыкты ыкма. Мындан тышкары, онлай-кеңеш алууга кайрылган каалаган колдонуучу бир нече мүнөт ичинде маселесин тез чечип ала алат. Ошондой эле биз жазылуучуларыбызды кызыктуу ойнотуулар менен кубантып, пайдалуу белектерди берип турабыз. Бизге кошула электердин баарына – кошулуу үчүн сонун кез!», - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Компаниянын Facebook«Одноклассники»InstagramTwitter жана Periscope-тогу расмий барактарына кошулуңуздар!

О! мобилдик оператору – сенин смартфонуң үчүн байланыш!


Тизмеге кайтуу