National Geographic, Fox Life жана башкалар: Эми O!TV тиркемесинде 150 канал

01.02.2019

Жарым миллиондон ашуун телефондорго жүктөлгөн эң популярдуу O!TV мобилдик тиркемеси өз колдонуучуларын жаңы рейтингдик телеканалдары менен кубантуусун улантып келе жатат!

Натыйжада, О! Мобилдик операторунун абоненттери «O!TV Премиум» топтомунун алкагында 150 санариптик телеканалдарын онлайн көрө алышат. Дароо азыр байкап көрүңүз! O!TV тиркемесин акысыз жүктөп алыңыз!

Жалпы Кыргызстан боюнча миллиондогон үй-бүлөлөр бул каналдарды жаңы телевизиондук сезондо көрө алышат:

  • National Geographic – жер бетиндеги көптөгөн кубулуштарды жана окуяларды түшүнүүгө, билимдин чек араларын кеңейтүүгө багытталган программалары бар атактуу телеканал. Канал археология, тарых, табият таануу жөнүндө илимий-популярдуу жана документалдуу фильмдерди, жаратылыштын сырдуу кубулуштары, илим жана техниканын жетишкендиктери тууралуу көрсөтүүлөрдү камтыйт. Телеканалда «Взгляд изнутри», «Жизнь до рождения», «Расследования авиакатастроф», «Секунды до катастроф», «Самый трудный в мире ремонт», «В поисках синего кита», «Суперсооружения», «С точки зрения науки» жана башка көп сериялуу документалдуу фильмдер жүрүп жатат;

  • Nat Geo Wild – телеканалдын күнү-түнү көрсөтүүчү эфирин таланттуу документалдуу иштер, илимий-агартуучу долбоорлор, планетабыздагы жаныбарлардын ар түрдүүлүгү, Жер бетиндеги сейрек өсүмдүктөр жана жаратылышы тууралуу кызыктуу жана кээде сенсациялуу телесюжеттер толуктап турат;

  • Fox – мыкты чет элдик телевизиондук детективдер, драмалар, триллерлер. Дүйнөлүк студиялардын түрдүү жанрларынын сериалдары: триллерлер, мистика, детективдер, боевиктер, ошондой эле комедиялар көрсөтүлөт. Сериалдардын эксклюзивдүү бет ачарлары FOX каналында алардын АКШдагы көрсөтөрү менен бир убакытта берилет;

  • Fox Life – бүт үй-бүлө үчүн эл аралык медициналык канал. Каналды телевизиондук сериалдардын жана кулинариялык, комедиялык, укмуштуу окуялар бириктирилген көңүл ачуучу телешоулардын мыкты коллекциясы деп атаса болот. Мода жана жылдыздардын турмушу тууралуу берүүлөр, мыкты дүйнөлүк реалити-шоу жана адамдардын мамилелери тууралуу чын жүрөктөн тартылган көрсөтүүлөр.

«O!TV Премиум» топтому үчүн абоненттик төлөм мурунку бойдон калды – суткасына болгону 7 сом, *750*3# буйрутмасы менен эң кызыктуу жана рейтингдик 150 телеканалды кошуп алууга болот. Абоненттин тандоосуна кошуп алуу буйрутмасы *750*2# менен «O!TV Стандарт» топтому жана 100 канал суткасына 5 сомго жана кошуп алуу буйрутмасы *750*1# болгон «O!TV Баштапкы» топтому жана 40 ТВ каналы суткасына 3 сомго сунушталат.

O!TV телеканалдарын бардык түзүлүштөн: смартфондон, планшеттен же ноутбуктан көрсө болот. Сервис КР бардык байланыш операторунун абоненттери үчүн көрүүгө жеткиликтүү, бирок О! абоненттери үчүн гана ТВ каналдарды көрүүдө интернет-трафик тарифтештирилбейт. Толук нускама менен видеосереп Сизге өз үйүңүздө Smart TV ырастоосун жасоого жардам берет жана Smart TV функциясы менен Sony, Phillips, Samsung же LG телевизорлорунан бул телеканалдарды көрө аласыз. Баалар КНС эске алуу менен СС саналбастан көрсөтүлдү.

O!TV сизге жагымдуу көрүүлөрдү каалайт!


Тизмеге кайтуу