Кыргызстандын мобилдик байланышынын лидерине 13 жыл. Биз менен болгонуңуздар үчүн ыракмат!

04.03.2022

Бүгүн, 2022-жылдын 3-мартында О! Мобилдик оператору өзүнүн туулган күнүн белгилеп жатат!

Урматтуу кардарлар, достор!

Ушул убакка чейин, сиз бизге мобилдик байланыш операторуңуз жана жогорку ылдамдыктагы интернет операторуңуз болуу укугуна ишеним көрсөттүңүз. Сиздердин колдооңуздардын жана койгон талапбыңыздардын аркасында биз өнүгүп жатабыз жана Кыргызстандагы № 1 оператор болуп саналабыз.

Бардык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз! Жалпы жеңиштер жана жетишкендиктер дагы көп – биз жаңы чакырыктарга, жемиштүү иштерге жана кызыктуу долбоорлорго даярбыз.

Мына 2021-жылдагы эң маанилүүлөрү:

Пандемия шартында иштегенине жана валюталардын туруксуздугуна карабастан, О! камтуусу көбөйүп, жаңы сайттар курулуп, жабдууларды жеткирүү улантылды. 2021-жылы тармактын сыйымдуулугу 30%дан ашык көбөйдү. Мунун бардыгы трафиктин жүктөмүн жана керектөөсүн, анын ичинде аралыктан иштөө жана калкты онлайн режиминде окутуу менен байланышкан жогорку өсүшкө туруштук берди. Бүгүн О! өлкөнүн калкынын 99% дан ашыгын 4G/3G/2G менен камтыйт, бул болсо 6 миллиондон ашык кыргызстандыктар.

Терминалдардын жана соода түйүндөрүнүн тейлөө тармагы, бүгүнкү күндө балансты толуктоого жана О! уюлдук байланыш кызматынын бүтүндөй комплексин өлкөнүн эң алыскы айылында дээрлик ар бир кадам сайын алуу болгондой өнүктү. Бүткүл өлкө боюнча 112 O!Store  дүкөнү сизди смартфондор жана ар кандай мобилдик маселелерди чечүү үчүн күтөт.

"Бирге арзан 2.0" үй-бүлөлүк тарифин жакшырттык жана буга чейин эч ким жасабаган нерсени жасадык – бүт үй-бүлөгө мобилдик байланыш сатып алган учурда үйдөгү зымдуу интернет + мобилдик телекөрсөтүүнү БЕЛЕК КАТАРЫ сунуштадык.

1080x814_Vmeste-deshevle2.0_новости-kg.png  

Санариптик экотутумду – «Мой О!» тиркемесин өнүктүрүүнү уланттык,   ал азыркы учурда 2 миллиондон ашык жолу жүктөлгөн. «О!Деньги» сервиси Digital Ishker IT-форумунун эксперттеринин версиясы боюнча 2021-жылдын эң мыкты финтех долбоору болуп калды, эмне үчүн:

3_Ишкер.png 

  • «О!Деньги» капчыгынан комиссиясыз ар кандай O!Store каражаттарды накталай алуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырдык.

  • «Мой О!» тиркемесинин базасында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн сатып алуу жана сатуу үчүн «О!Маркет» акысыз кулактандыруулардын масштабдуу сервисин ишке киргиздик.

  • Тиркеменин өзүндө вакцинациянын сертификатын алуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырдык.

  • «О!Деньги» капчыгынын электрондук каталогунда кызмат көрсөтүүлөрдүн лидерлери болдук – азыр үйдөн чыкпай туруп 900гө жакын пайдалуу сервистерге төлөсө болот. Төлөмдөрдү кабыл алуу жерлерин 3 эсеге көбөйттүк – азыр бүткүл өлкө боюнча 1700 ашык ар кандай жерлер «О!Деньги» аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү алышат. Бул кафе, дүкөндөр, дарыканалар, лабораториялар, МКЖ жана башкалар.  

  • Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү 85ке чейин көбөйтүп тармагын кеңейттик – бул кредиттерди төгүү, карталарды, эсептерди жана депозиттерди толуктоо. Кээ бир кызмат көрсөтүүлөр комиссиясыз эле жеткиликтүү!

  • Эл аралык которууларды дароо алуу мүмкүнчүлүгүн коштук: дүйнөнүн ар бурчунан Contact төлөм системасы жана Россиядан «Сбербанк Онлайн» жана QIWI сервиси аркылуу.  

  • Дагы биз белектерди тартуулап жаттык! Лотереянын алкагында 3 автоунаа жана 200 смартфон ойноттук.

  • Онлайн-идентификация жана вакцинация үчүн биздин абоненттер акысыз интернеттин 2 000 000 гигабайтына ээ болушту!

4_Победители.png

Акылдуу түзүлүштөр үчүн тарифти жакшыртуу улантылды. Колдонуучулардын каалоолорун эске алып, тарифти дагы пайдалуу жана ыңгайлуу кылдык, ал эми O!Store "Акылдуу үйлөр" үчүн толук комплекттер пайда болду: бул коопсуздук тутумдары жана температураны, түтүндү, газды көзөмөлдөөчү ар кандай сенсорлор, акылдуу өчүргүчтөр жана розеткалар.

Мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыкта Кыргызстандын жүздөгөн ишкерлерине жаңы салык режимине өтүүгө жана жөн гана «О!Касса» тиркемесин өзүнүн смартфонунда колдонуп өзүнүн бизнесин баштоого жардам бердик.

O!TV менен   бирге биз спорт сүйүүчүлөрүнө EURO-2020 матчтарын жана башка жогорку деңгээлдеги окуяларды түз эфирде көрүүгө мүмкүнчүлүк бердик. Бекеринен Кыргызстанда иштелип чыккан көңүл ачуучу тиркемелердин рейтингинде O!TV алдыңкы орунда турат.

Тажикстан менен чек арада аскердик жаңжалды баштан өткөргөн Баткендин тургундарына акысыз байланыш берип жана өзгөчө балдарды колдоо аркылуу жардам көрсөтүлдү.

5_Баткен.jpg 

Достор, биз бир кликтин аралыгындабыз! Биздин социалдык тармактарыбызда сиздердин саныңыздар жарым миллиондон ашты, он миңдеген суроолоруңуздарга жооп берип келебиз. Биз күнү-түнү Сиз менен байланыштабыз: FacebookInstagram,  «Одноклассники»«ВКонтакте»YouTube же Twitter. Күн сайын Сиздин жылмайып турууңуздарга аракет кылабыз. Сиз үчүн биз жүздөгөн күлкүлүү жана пайдалуу роликтерди тартабыз, шаңдуу конкурстарды уюштурабыз жана бактылуу адамдарга белектерди ыйгарабыз.

Жыл сайын О! оператору тармакты кеңейтүүгө ондогон миллион долларларды сарптайт, өлкөнүн экономикасына инвестиция кылат, жүздөгөн жумуш орундарын түзөт, мамлекеттик бюджетти толуктоо менен миллиондогон долларлык салыктарды ачык төлөйт. Алсак, өткөн жылы мамлекеттик казынага төлөмдөрдүн суммасы 3 миллиард сомдон ашыкты түзгөн.

О! түйүнүн тандоо менен ар бир абонент бүтүндөй Кыргызстандын жыргалчылыгына өз салымын кошот.

***

«О!Деньги» сервиси Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лиц. №2021030817, №3022030817.

«О!Деньги» электрондук акчасынын эмитенти – «Дос-Кредобанк» ААК, КРУБ лиц. №037.

Акчалай которуулардын кызматтары КР коммерциялык банктары менен өнөктөштүктө көрсөтүлөт.


Тизмеге кайтуу