О! Мобилдик оператору жаңы «503» коду менен номерлерди сатыкка чыгарды

01.09.2023

Кыргызстандын телекоммуникациялык рыногунун лидери О! Мобилдик оператору жаңы «503» префиксин киргизди.

– О! абоненттеринин саны өсүүдө, – деп түшүндүрдү компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко. – Кыргызстандыктардын көпчүлүгү өзүнүн байланыш оператору катары бизди тандоодо, анткени биз сапат, жеткиликтүүлүк жана инновациялар жагынан алдыдабыз. Өзүңүздөргө жаккан номерди тандоо менен О! түйүнүнө кош келиңиздер! 

Бүгүнкү күндө О! Мобилдик оператору – бул:

  • калктын 99%дан ашуун бөлүгүн кучагына алган, 4G/3G/2G камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын лидери;

  • тандоо эркиндиги: баарына жеткиликтүү ыңгайлуу жана жөнөкөй «Переходи на О!» тарифтери;

  • FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте»YouTube же Twitter социалдык тармактарынан, WhatsApp: + 996 705 700 700 жана Telegram: @o_mobile_operator_bot аркылуу күнү-түнү иштеген Колдоо кызматы.

Жаңы – «503» коду менен О! түйүнүнө кадам таштаңыз.


Тизмеге кайтуу