О! Мобилдик оператору бүт өлкө боюнча 4G LTE-түйүнүнүн сыйымдуулугун өстүрүүнү улантууда

15.05.2019

Кыргызстандын дагы 51 калктуу пунктунун тургундары бүгүн О! Мобилдик операторунун жогорку ылдамдыктагы 4G мобилдик интернети менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жалпысынан Кыргызстандын калкынын 94%ы О! Мобилдик операторунун төртүнчү муундагы жогорку ылдамдыктагы мобилдик технологиясын колдонот.

Жакында компаниянын техникалык адистери жумуштарынын кезектеги этабын аякташты, натыйжада 4G LTE түйүнүнүн иштөө аймагы кеңейди, ошондой эле О! түйүнүнүн сыйымдуулугу да жакшырды. Курорттук сезондун жакындап калгандыгын эске алуу менен Ысык-Көл облусунун аймагындагы түйүндү кенейтүүгө өзгөчө басым жасалды.

  • Чүй облусу: Токмок, Кант, Новопокровка, Люксембург, Суусамыр, Тунук, Кожомкул, Достук, Жал, Жаңы-Жер, Гидрострой, Кой-Таш, Жаңы-Жер, Орок, Панфилов, Сокулук, Беловодское;

  • Ысык-Көл облусу: Балыкчы, Каракол, Бостери, Сары-Камыш, Кайырма-Арык, Ак-Сай, Кичи-Өрүктү, Тосор;

  • Нарын облусу: Түгөл-Сай, Жер-Көчкү;

  • Талас облусу: Үч-Эмчек;

  • Ош облусу: Монок, Курбу-Таш, Киров, Боз-Ала, Арал, Ак-Терек, Шагым, Киров, Ош, Мырзаке;

  • Жалал-Абад облусу:  Ала-Бука, Базар-Коргон, Майлы-Суу, Токтогул, Жалал-Абад, Кыргыз-Гава, Гумхана;

  • Баткен облусу: Пум, Майдан, Чакмак, Голбо, Айдаркен, Үч-Коргон.

«4G LTE түйүнүнүн ишке кирүүсү жана кеңейүүсү кыргызстандыктар үчүн онлайн иштөө, баарлашуу жана билим алуу боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө. Баасы боюнча пайдалуу жана мазмуну жагынан ар түрдүү болгон тарифтер абоненттин ишмердүүлүгүнүн мүнөзү менен түрүнө жараша керектүү тарифти тандап алуусуна шарт түзөт», – деп белгиледи оператордун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Компания Кыргызстанда 4G LTE түйүнү менен камтууну кеңейтүүнү активдүү түрдө улантууда. Акыркы 2 жылда О! түйүнүндө маалыматтарды өткөрүү трафигинин көлөмү 3,6 эсеге өстү. Колдонуучулар күн өткөн сайын интернеттен керектүү маалыматтарды көбүрөөк жүктөй башташты. О! Мобилдик оператору бул маалыматтарга таянып өз түйүнүн куруп келет. Жылдын башынан тартып эле мобилдик кең тилкелүү 4G LTE интернет өлкөнүн 1000ден ашуун алыс жайгашкан калктуу аймактарында жашаган жүз миңдеген кыргызстандыктарга жеткиликтүү болуп калды. 

Бүгүнкү күндө О! – 4G LTE-түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча өлкөнүн гана лидери эмес, коңшу мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн башка операторлору менен салыштырганда дагы лидер болуп саналат.


Тизмеге кайтуу