О! Мобилдик оператору акылдуу түзүлүштөр үчүн жаңы тариф сунуштайт

09.12.2019

О! Мобилдик оператору жаңы «буюмдардын интернети» (IoT) багытын өнүктүрүп жатат жана буга байланыштуу инновациялык сунушун киргизүүдө.

2019-жылдын 9-декабрынан баштап О! абоненттери күнү-түнү сигнализацияларын, түтүн менен суунун жылжып агууларынын билдиргичтерин, навигаторлорду, GPS-трекерлерди жана башка смарт-тузүлүштөрүн жаңы «Акылдуу түзүлүш» тарифи менен текшере алышат.

«Акылдуу түзүлүш» тарифи SIM-карталар үчүн слоттору бар бардык электрондук түзүлүштөрүнө арналган: түтүн жана суунун жылжып агууларынын билдиргичтери, коргоочу жана автосигнализациялар, видеобайкоо камералары жана башка «акылдуу үй» тутумдары. Тариф түзүлүштөрдү башкарууга жана алардын абалын каалаган учурда көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Түзүлүштөрдү көзөмөлдөө үчүн:

  • 200 мегабайт мобилдик интернет;

  • Ар бир 30 күнгө 30 SMS берилет.

Төлөөнүн ыңгайлуу ыкмасын тандаңыз:

  • бир айга (30 күн) – 50 сом;

  • бир жылга (360 күн) – 490 сом.

Интернеттин, SMS жана SIM-картанын балансынын калдыгына «Мой О!» тиркемесинен байкоо жүргүзсө болот. Муну аткаруу үчүн түзүлүшкө тагылган SIM-картанын «Менин номерлерим» топтомуна номерди киргизүү керек.

Тариф үчүн М2М жабдуу менен эң экстремалдуу шарттарда: Цельсия боюнча -50 градустан +105 градуска чейин иштөөсү мүмкүн болгон атайын "брондолгон" SIM-карта каралган.

Бул тарифти кошуп алууну каалайсызбы?

Каалаган O!Store дүкөнүнө же сатуу жана тейлөө кеңсесине келиңиз. Атайын M2M SIM-картасынын баасы – 100 сом. Бүт баалар КНС жана СС эске алуу менен көрсөтүлгөн. Тариф тууралуу кененирээк маалыматты o.kg сайтынан окуса болот.

О! Мобилдик оператору инновациялар жана санарип Кыргызстан үчүн!

 


Тизмеге кайтуу