О! Мобилдик оператору Кыргызстанды Нооруз майрамы менен куттуктайт!

21.03.2019

О! Мобилдик операторунун жалпы жамааты бардык кыргызстандыктарды күн-түндүн теңелүүсүнүн белгиси болгон Нооруз майрамы менен куттуктайт.

Ар бир кыргызстандыкка чын жүрөгүбүздөн чыккан аруу тилектерибизди арнап, ак ниет жылмаюуларды жана ийгиликтерди каалайбыз!

Жерге себилген ар бир дан берекелүү түшүмүн берсин, ар бир башталган иш жемиштүү болсун. Дасторкондун четинде дайыма достор чогулуп турсун, ал эми жакындарыңыз менен туугандарыңыз жаныңыздарда болсун.

Бакыт-таалай, ден соолук жана бакубатчылык тилейбиз!

Эң мыкты каалоо тилектер менен,

О! командасы


Тизмеге кайтуу