О! Мобилдик оператору жаңы мектепке жашыл бакча белек кылды

04.04.2023

О! Мобилдик оператору «Жашыл мурас» («Зеленое наследие») улуттук кампаниясына кошулуу менен, жаңы мектептин окуучуларына ак кайың токоюн белек кылды.

Шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча кезекти акция ишемби күнү Ак-Ордо конушунун №102 мектебинин аймагында өткөрүлдү. Мобилдик оператордун командасы менен мектептин мугалимдери биргелешип 100 түпкө жакын кайың отургузушту. Бактардын туура отургузулуп жатканына агроном көзөмөл жүргүзүп, мындан ары аларга кам көрүү багытында пайдалуу кеңештерди берди.

A7R01341.jpgA7R01464.jpg

«Биз ак кайың отургузууну чечтик, анткени ак түс - жакшы нерсенин башталышынын жышааны. Биздин бул демилгебизди колдоп бергени үчүн О! операторунун жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз! Мектебибиз жаңы, ал эми бүгүн бардыгыбыз бирге келечектин пайдубалын отургуздук!», – деди №102 мектептин директору Эрмекова Айнура Дүйшөновна.

Бул – компаниянын «жашыл» иш-чараларынын бешинчиси. О! командасы мектеп аянттарына отургузган мөмө-жемиш жана декоративдик бактар менен бадалдардын бир нече жылдан бери өсүп жана гүлдөп келе жатканы бизди кубандырат.

«Бишкек сыяктуу ысык климаттык шарттарга ээ шаарлар үчүн бак-дарактардын болушу абдан маанилүү. Алар абанын сапатын жакшыртуу менен катар, шаарларда жашоо үчүн жагымдуу чөйрөнү пайда кылат. Биздин аткарган ишибиз башкаларда да шыктануу жаратат деген үмүттөбүз», – деп белгиледи О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

A7R01476.jpgЗАСТАВКА.jpg

«Жашыл мурас» улуттук кампаниясы өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо, айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу жана келечек муундар үчүн токойлорду сактап калуу максатында 2022-жылы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен старт алган.


Тизмеге кайтуу