О! Мобилдик оператору Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы үчүн сыйланды

21.09.2020

Кыргызстандын ишкеринин күнүнүн урматына О! Мобилдик оператору Кыргыз Республикасынын экономикасына активдүү катышкандыгы жана кызматташуусу үчүн Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин ыраазычылык катына татыды.

Главное фото.jpg

Ишкерлерди куттуктап жатып КРнын экономика министринин орун басары Бекболот Алиев быйылкы жыл коронавирустук инфекциянын массалык жайылуусунун натыйжасында оор социалдык-экономикалык кыйынчылыктар жана ыкчам кризистик чараларды кабыл алуу менен татаалдашкандыгын белгиледи. Бекболот Алиев ишкерлерге жарандарга көрсөтүлгөн баа жеткис жардам жана медициналык мекемелерди керектүү дары дармектер менен керектүү жабдуулар менен камсыздашкандыгы үчүн ишкерлерге терең ыраазычылыгын билдирди. 

«О! Мобилдик оператору коронавирус менен күрөшүү үчүн уюштурулган иш-чараларга аквтидүү катышууда, жардам чакырыктарына алгачкылардан болуп жооп кылып, кыска мөөнөттүн ичинде миллиондогон жарандар үчүн керектүү демилгелерди ишке ашырууда», - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Өлкөгө Өзгөчө абал киргизилген алгачкы күндөн тартып О! Мобилдик оператору Covid-19 инфекциясын токтотуу боюнча Өкмөткө, мамлекеттик түзүмдөргө жана калкка максималдуу мүмкүн болгон жардамды берүү үчүн ыкчам чараларды кабыл алды.

Иш жана өнүмдөр менен жардам

  • Биринчи кезекте муктаж болгондордун атайын эсебине миллион сом которулду.

  • О! компаниясынын колл-борборунун операторлорунун күчү менен 1227 номери аркылуу миңдеген өтүнмөлөр кабыл алынды.

  • Өлкө боюнча 8200 муктаж үй-бүлө 20 миллион сомдун өлчөмүндө азык-түлүк жардамын алышты.

  • Бишкек шаарынын блок-постторуна электрондук пропусктарды окуу үчүн 50 смартфон берилди.

2.jpg1.jpg12.jpg

Акысыз байланыш жана интернет

  • 38 миңден ашуун дарыгерлер, ӨКМ жана ИИМ кыматкерлери О! түйүнүнүн акысыз байланышы менен камсыз болушту.

  • Нөлдүк баланста дагы ыкчам чакыруулар үчүн 10 мүнөт жеткиликтүү болду.

  • Түз байланыш линияларына акысыз чалуу уюштурулду.

  • Коронавирус тууралуу маалыматтык ресурстарга интернет-трафик нөлгө түшүрүлдү.

  • Обсервациялар даректүү түрдө О! түйүнүнүн акысыз байланышы менен камсыз болушту.

Дем ал, Кыргызстаным!

  • 5 миллион сомго 70 кычкылтек концентратору сатып алынды жана медициналык мекемелерге өткөрүлүп берилди.

Концентраторы О! (5).jpgКонцентраторы О! (2).jpgКонцентраторы О! (1).jpg

Дистанциондук окутууну колдоо

  • Март айынан июнь айынын башына чейин 267 миң мугалим жана окуучу О! түйүнүнөн акысыз байланыш менен толук камсыз болушту.

  • «Мой О!» тиркемесинде окутуучу материалдардын баары топтолгон акысыз «Мектеп» бөлүмү түзүлдү.

  • Телесабактарды көрүү үчүн бардык абоненттерге жеткиликтүү болгон акысыз «O!TV Окутуу» сервиси түзүлдү.

  • О! Мобилдик оператору азыр ийгиликтүү дистанциондук окутуу үчүн керектүү болгон бардык нерселер кошулган окуучулар менен мугалимдерге арналган атайын жеңилдик берилген тарифтерди берүүнү улантууда.

  • «Коопсуздуктун интеллектуалдык системалары» ЖЧК менен бирге ыңгайлуу «ЭлМектеп» электрондук күндөлүгү ишке киргизилген жана башка көптөгөн нерселер.

Үзгүлтүксүз байланыш

Керектүү ырастоолорду жана кошумча жабдууну орнотууну күн сайын жүргүзүп жаткан оператордун техникалык кызматынын адистеринин алгылыктуу иштери аркылуу кыргызстандыктар күнү-түнү жана үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз болушту. Катуу карантиндин учурунда түйүндөгү трафиктин ыкчам өсүүсүн белгилөө менен О! Мобилдик оператору тездик менен интернеттин каналдарын кеңейтти.

Компаниянын бардык кызматтары жогорулатылган даярдык режимине өткөрүлдү. «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» электрондук капчыгы коммуналдык кызматтарды, интернетти, мобилдик байланышты, жеткирүү сервистерин жана башка көптөгөн нерселерди аралыктан төлөөнү үзгүлтүксүз ишке ашырууну улантып жатты.

Компаниянын колл-борбору бир мүнөткө дагы ишин токтоткон жок. Кыргызстандыктарды байланыш менен камсыз кылуу үчүн бүт өлкө боюнча О! Мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселери алдыңкы катарда сактык чараларды сактоо аркылуу өзгөчө график менен иштөөнү улантышты.

О! Мобилдик оператору ар дайым Сиздер менен.


Тизмеге кайтуу