О! МОБИЛДИК ОПЕРАТОРУ БАРСЕЛОНАДАГЫ ДҮЙНӨЛҮК МОБИЛДИК КОНГРЕССТЕ

27.02.2018

Кечээ, 26-февралда мобилдик технологиялардын ири эл аралык Mobile World Congress көргөзмөсү Барселонада өз ишин баштады. Бул иш-чара жыл сайын кийинки жылга карата мобилдик индустрияга багыт берип турат.

MWC жыл сайын телкоммуникациянын дүйнөлүк рыногунун ири оюнчуларын, мобилдик түзүлүштөрдү жана жабдуулардын өндүрүүчүлөрүн жана жеткирүүчүлөрүн, дүйнө жүзүнөн өздөрүнүн акыркы иштерин көрсөтүү жана келечектеги кызматташуунун пайдубалын түптөө үчүн маркетологдорду, дизайнерлерди жана инженерлерди бириктирип келет.

О! мобилдик операторунун командасы быйылкы жылы да мобилдик индустрия эмне менен таң калтыра тургандыгын биринчилерден болуп билип келүү үчүн салттуу түрдө бул дүйнөлүк окуяга катышып келди. Бул материалда биз MWC платформасында бет ачарлары өткөрүлгөн, быйыл күтүлгөн гаджеттер тууралуу эң кызыктуу маалыматтарды топтодук.

Samsung

Кореялык Galaxy S9 жана S9 Plus флагмандары быйылкы көргөзмөнүн башкы жылдыздары болушту. Бет ачар алдындагы популярдуулугу боюнча былтыркы iPhone X менен гана салыштырса болчудай.

Galaxy S9 жана S9 Plus флагмандарынын мурунку моделдерден башкы айырмачылыгы - кош апертурасы менен 12 пикселдик камералары жана "селфимодзи" жасоо мүмкүнчүлүгү. Смартфондордо дагы бир жаңы функция пайда болду - бир секундада 960 кадрды батыра тургандай видеону жаратууга мүмкүнчүлүк бере тургандай өтө жай видео тартуу режими. Камералар жарыктын төмөн деңгээлинде да сапаттуу сүрөттөрду тарта алат. Бармак издеринин сканери камеранын модулунун алдында жайгашкан, объективдин кирдөө көйгөйүн чечиши керек. Жогорку жана төмөнкү алкагы мурунку моделдерге караганда ичкерип калган, башкача айтканда, экран алдыңкы панелдин дээрлик көп бөлүгүн ээлейт.

LG

Компаниянын мобилдик бөлүмүндө жаңы флагманды чыгарууну токтото турууну чечишкен. Барселонадагы G6 смартфонунун мураскеринин ордуна V30 таблетинин дагы бир вариантын - LG V30s көрсөтүшөт. Ал 256 ГБ камтылган эстутумга жана жасалма интеллектке ээ болуп, оригиналдуу моделге дизайны дал келген.

Эскерте кетсек, O!Store дүкөндөрүндө LG смартфондоруна акция жүрүп жатат: LG V30+ супер флагманын сатып алганда, кардар экинчи LG Q6a смартфонун белекке алат.

Nokia                 

Былтыр компаниянын стендинде кайра жаратылган Nokia 3310 смартфонун көрүүнү каалагандардан бут коёрго жер жок эле. 2018-жылдын MWC көргөзмөсүнө компания бир нече жаңы смартфондорду алып келди: Nokia 8 Sirocco, Nokia 7Plus, Nokia 1 жана Nokia 8110. Ийилген OLED-дисплейи, ичке чектери жана кош камерасы менен Nokia 8 Sirocco флагманы бренддин көргөзмөдөгү негизги модели болуп калды. Nokia 1 –жеңилдетилген Android Go операциялык тутуму менен арзан модель. Жаңы Nokia мурунку легендарлуу телефонду кайрадан жаңыртып чыгарды. Nokia 8110 — «Матрица» фильминде колдонулган “банан” деген лакап аты бар абдан кымбат телефон. Нокиа 8110 — 2 ядролуу Qualcomm Snapdragon 205 2000Mhz процессору, TFT-дисплейи, 65 миң түскө чейин тааныган, 2,45" диагоналы жана 2 2 Mpx камерасы менен жабдылган смартфон. 1500 mAh көлөмдүү акккумулятору аппаратка 7 саат баарлашуу режиминде иштөөгө шарт түзөт.

Huawei

Huawei брендинин жаңы флагмандары Париждеги 27-мартта өзүнчө көрсөтүлөт. MWC 2018 көргөзмөсүндө кытайлык гигант Huawei Matebook X Pro ноутбугун сунуштады. FullView сенсордук экраны менен дүйнөдөгү биринчи ноутбук болуп калды. Huawei MateBook X Pro ноутбугу 3K (3000 х 2000 пиксель) уруксаты жана ичке чектери, 13,9 дюймдук сенсордук дисплейи, сегизинчи муундун Intel Core i7/i5 заманбап процессорлору жана 2 ГБ видеоэстутум менен Nvidia GeForce MX150 дискреттик видеокартасы менен жабдылган. 57,4 Вт•с сыйымдуулугу менен аккумулятордук батареясы ноутбукту 15 саатка чейин заряддабай иштөөсүнө шарт түзөт. Мында интернет-барактарын чексиз карасаңыз болот. MateBook X Pro ноутбугунун Dolby Atmos аудиосистемасы сапаттуу үн чыгарууну камсыз кылат.

#MWC18 көргөзмөсүнүн биринчи күнүнүн видеосеребин шилтеме аркылуу көрсө болот.

Иш-чаранын түз эфирине көз салуу, иш-чарадагы актуалдуу маалыматтарды алуу жана жаңы түзүлүштөр тууралуу маалыматтар О! түйүнүнүн Facebook жана Instagram расмий баракчаларында.


Тизмеге кайтуу