О! мобилдик оператору маалымдайт

25.01.2022 Урматтуу абоненттер, 

Азыркы учурда бүт өлкө боюнча электр камсыздоо үзгүлтүккө учурап, өчүрүүлөр байкалып жатат.

Биз сиздерди базалык станцияларыбыздын резервдик энергия камсыздоосунун эсебинен байланыш жана интернет менен камсыздоону улантабыз.

Биз түйүндүн иш жөндөмдүүлүгүн колдоо, бүт республика боюнча калкты байланыш жана мобилдик интернет менен камсыздоо үчүн максималдуу мүмкүн болгон аракеттерибизди жумшайбыз. Эгерде өлкөнүн энергия системасын калыбына келтирүү узак мөөнөткө созула турган болсо, интернет жана байланышка кирүүдө убактылуу кыйынчылыктар болушу мүмкүн. 

Сиздерден учурдагы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алууңуздарга ишенебиз.


Тизмеге кайтуу