PLATINUM КАТЕГОРИЯСЫНДАГЫ АБОНЕНТТИК НОМЕРДИ БЕЛГИЛӨӨ МЕНЕН «НУР ТЕЛЕКОМ» ЖЧКсынын БАЙЛАНЫШ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮ ТУУРАЛУУ КЕЛИШИМ ТҮЗҮҮ УКУГУН САТЫП АЛУУ БОЮНЧА АЧЫК АУКЦИОН ӨТКӨРҮҮ ТУУРАЛУУ БИЛДИРҮҮ

24.02.2022

«НУР ТЕЛЕКОМ» ЖЧКсы («О!» СМ), 2022-жылдын 1-мартынан тартып, 2022-жылдын 31-августуна чейин, Platinum категориясындагы абоненттик номерди белгилөө менен, «НУР ТЕЛЕКОМ» ЖЧКсынын байланыш кызматтарын көрсөтүү тууралуу келишим түзүү укугун сатып алуу боюнча, ачык аукцион өтөрүн билдирет.

Аукциондордун уюштуруучусу: «НУР ТЕЛЕКОМ» ЖЧКсы («О!» СМ).

Уюштуруучунун юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ж.Абдрахманов көчөсү 170/2, 2-блок.

Аукциондун тиби: ачык аукцион.

Тооруктун формасы: Platinum категориясындагы абоненттик номерди белгилөө менен «НУР Телеком» ЖЧКсынын байланыш кызматтарын көрсөтүү тууралуу келишим түзүү укугун сатып алуу боюнча онлайн тооруктарда, блиц-нарк боюнча Лотту сатып алууну сунуштаган же Лот үчүн эң жогорку нарк сунушун сунуштаган, Аукциондун Катышуучусу, ар бир Лот боюнча жеңүүчү болуп табылат.

Тооруктардын кадамы: 1000 (бир миң) сом эселик өлчөмдө бекитилет. Тооруктардын минималдык кадамы: СС жана КНС эсепке алуу менен, 1000 (бир миң) сом.

Шертпул: тооруктарга катышуу үчүн, ар бир Катышуучу, Аукциондун ар бир Лоту (бардык салыктарды эсепке алуу менен) үчүн 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө шертпул төлөйт.

Аукциондун катышуучусу: 18 жашка чыккан укуктук жарамдуу жеке жак же тооруктарга катталуу жол-жобосун өткөн, эсептешүү тутумунда алдын-ала төлөө менен тейленген юридикалык жак.

Аукционго катышууну каалаган жактар, катталуу учурунда Шертпул төлөө үчүн, SMS билдирүү жөнөтүүдө жетиштүү баланска ээ, тарифтик планы менен «НУР Телеком» ЖЧКсы тармагынын активдүү SIM картасына ээ болуп же сатып алышы керек.

Тооруктарга катышуу үчүн, Platinum категориясындагы абоненттик номерди белгилөө менен «НУР Телеком» ЖЧКсынын байланыш кызматтарын көрсөтүү тууралуу келишим түзүү укугун сатып алуу боюнча ачык аукционду өткөрүүнүн Эрежелери менен таанышып, кыска номерге SMS жиберүү аркылуу, конкреттүү Лот боюнча Катышуучу катары катталып, аны менен катары Эрежелерге өзүнүн макулдугун тастыкташы зарыл.

Тооруктарга катышууну каттоо, Катышуучунун абоненттик номеринен, Аукциондун тиешелүү конкреттүү Лотунун Кыска номерине, каалаган SMS-билдирүүнү жиберүү аркылуу жүргүзүлөт. Шертпулдун суммасы, тооруктарга катышууну тариздөө процессинде, Катышуучунун абоненттик номеринин балансынан автоматтык түрдө алынат. Кыска номерлер жана Аукциондун тиешелүү Лоттору жөнүндө маалымат: https://vipnomer.o.kg/ web-сайтына жайгаштырылат.

Ар бир конкреттүү Лот боюнча тооруктардын жеңүүчүсү катары, тооруктарды жыйынтыктоо учурунда Уюштуручу кабыл алып жана каттаган, Лот үчүн максималдуу жогорку бааны биринчи сунуштаган Катышуучу эсептелет. Мында, тооруктарга экиден кем эмес Катышуучу катышуусу керек. Ошондой эле, ар бир конкреттүү Лот боюнча жеңүүчү катары, анын сунушу Уюштуруучу тарабынан кабыл алынып жана катталган шартта, Лотту Блиц-наркта сатып алууну алгачкы сунуштаган Катышуучу эсептелет.

Конкретүү Лот боюнча тооруктарды жеңип алган, тооруктардын жеңүүчүсү, конкреттүү Лот боюнча тооруктар жыйынтыкталган учурдан тартып, 3 (үч) иш күнүнүн ичинде, сатып алуу наркын толук көлөмдө төлөө жана Аукциондун Уюштуруучусу тарабынан аныкталган тартипте, байланыш кызматтарын көрсөтүү тууралуу, Келишимди түзүү боюнча милдеттермелерди өзүнө алат.

Эгерде, конкреттүү Лот боюнча тооруктар жыйынтыкталган учурдан тартып, 3 (үч) иш күнүнүн ичинде, конкреттүү лот боюнча тооруктардын Жеңүүчүсү менен, Уюштуруучу андан көз каранды эмес себептер боюнча байланыша албаса, Жеңүүчү Аукциондун Уюштуруучусу менен макулдашылган, байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу Келишимди түзүүгө келбесе же сатып алуу наркын толук көлөмдө төлөбөсө, аталган Лот боюнча тооруктардын жыйынтыгы жокко чыгарылат. Мында, Жеңүүчү аукциондун алкагындагы бардык аракеттеги жана пландалган тооруктардан чыгарылып, 1000 (бир миң) сом өлчөмүндөгү шертпул Жеңүүчүгө кайтарылбайт.

Platinum категориясындагы конкретүү премиум номерди көрсөтүп, «НУР Телеком» ЖЧКсы менен байланыш кызматын көрсөтүүгө Келишим түзүү үчүн, тооруктардын Жеңүүчүсү, тооруктарга катышкан SIM-картаны жана жекелигин тастыктаган документтерди көрсөтүүгө милдеттүү.       

Аталган аукционду өткөрүүнүн толук Эрежелери, конкреттүү Лот боюнча старттык наркы жана блиц-наркы тууралуу маалыматтар менен төмөнкү web-сайттан тааныша аласыз: https://vipnomer.o.kg/.


Тизмеге кайтуу