«Менин О!» мобилдик тиркемеси ыңгайлуураак болуп калды!

26.12.2018

О! Мобилдик оператору Android жана iOS моделдери үчүн «Менин О!» тиркемесинин масштабдуу жаңылануусунун сунуштады.

Өзгөрүүлөр визуалдык гана бөлүмүндө эмес, функционалдык бөлүмүндө да жүрдү. Эми «О!Деньги» электрондук капчыгынын кошулгандыгы «Менин О!» тиркемесинин жаңы версиясынын негизги баалуулугу болуп калды. Демек, бир эле «Менин О!» тиркемесинин жардамы менен жеке кабинетти башкаруу, мобилдик эсептеги каражаттардын калдыгын текшерүү жана онлайн-төлөмдөрдү да жүргүзүү мүмкүн.

«Менин О!» тиркемесинин сиздин билүүңүз керек болгон 5 мүмкүнчүлүгү: 

  1. «Менин О!» тиркемесинде өзүң үчүн оптималдуу сунушту тандоо менен тарифтерди башкарууга, ошондой эле О! Мобилдик операторунун бардык кызматтарын кошуп алууга жана өчүрүүгө болот;

  2. «Менин О!» тиркемесинде коммуналдык кызматтар, такси, интернет-провайдерлер жана көптөгөн башка нерселер үчүн узактан жана комияссиясыз төлөм жүргүзүүгө шарт түзгөн «О!Деньги» электрондук капчыгы бар. Сервистин каталогунда 300гө жакын түрдүү кызматтар камтылган;

  3. «О!Деньги» электрондук капчыгынын жардамы менен болгону кассирдин экранындагы QR-кодду сканирлөө менен Globus жана «Народный» дүкөндөрүндөгү сатып алууларды да төлөөгө болот;

  4. Тиркемеге бир же бир нече банктык карталарды кошуп койсо болот, бардык операциялар Visa жана MasterCard коопсуздук стандарттары менен корголгон;

  5. Капчыкты бүт өлкө боюнча жайгашкан О!, Terem Pay, Quick Pay фирмалык терминалдарынан, О! Мобилдик операторунун бардык кеңселеринен жана O!Store дүкөндөрүнөн комиссиясыз толуктоого болот.  

Жагымдуу бонус ­— «Менин О!» тиркемеси электрондук даректерин көрсөтүшкөн болсо, жаңы катталган колдонуучуларга жогорку ылдамдыктагы 1 ГБ интернетти белекке берет. 

Эгерде сизде «О!Деньги» электрондук капчыгынын иштөөсү тууралуу дагы суроолоруңуз пайда болсо, анда төмөндөгү иш-аракеттерди жүргүзө аласыз: 

- 24/7 форматында онлайн-колдоо кызматын түз эле тиркемеден пайдалануу;

- 999 (О! абоненттери үчүн) жана ‪0 700 000 999 (башка түйүндөрдүн абоненттери үчүн) номерлерине чалуу

- Telegram мессенжериндеги @odengi_bot дарегине бота жазуу. 

«Менин О!» тиркемесин PlayMarket же AppStore платформаларында жаңылап алыңыз жана көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ болуңуз. 


Тизмеге кайтуу