«Мой О!» тиркемесинде маркетплейс: сенин кулактандырууңду миллиондогон киши көрөт!

23.11.2021

Кыргызстанда «О!Маркет» акысыз кулактандыруулардын жаңы сервиси пайда болду. Ал жерде керектүү товарды же кызматты сатып алса же сатса болот.

Бир нече аптанын ичинде эле ондогон кыргызстандыктар сервистин колдонуучулары болуп калышты, алар сервистин ыңгайлуулугуна жана колдонуудагы оңойлугуна баа беришти.

Жаңы маркетплейс Кыргызстандагы 2 миллион колдонуучусу бар эң популярдуу тиркемелердин бири «Мой О!» тиркемесинин бир бөлүгү болуп калды.

Сатуу оңой

«О!Маркетте» кулактандырууну жеке жактар дагы, дүкөндөр дагы жайгаштыра алышат. Аны аткаруу үчүн регионду тандоо, товардын же кызматтын сүрөтүн жана сыпаттамасын кошуу жетиштүү, андан кийин модерацияны күтүү керек.

market_1080x814_kg_1.pngmarket_1080x814_kg_2.png

Сервистин артыкчылыктарынын бири болуп түзгөн кулактандыруулардын саны жана аларды көрсөтүү боюнча чектөөлөрдүн жоктугу саналат.

Сатып алуу ыңгайлуу

Регион боюнча бөлүштүрүү колдонуучуларга өз шаарындагы кулактандыруулардын баарын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзсө, ал эми категориялар жана фильтрлер менен издөө керектүү буюмду же кызматты оңой табууга жардам берет.

«О!Маркет» маркетплейси «Мой О!» тиркемесинин жаңы версиясында жеткиликтүү. Шилтеме боюнча Google Play же App Store платфомаларынан жүктөп алыңыздар. 

Тиркеме тууралуу

«Мой О!» тиркемеси орнотуулар боюнча 2 миллион белгисинен ашты жана Кыргызстанда эң популярдуу тиркемелеринин бири болуп саналат.

«Мой О!» тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү:

+ О! номерин башкаруу жана жакындардын балансына кам көрүү.

+ Капчыктарга жана алты өлкөнүн банктарынын карталарына каражаттарды дароо которуу.

+ Телефондун балансынан, электрондук капчыктан же кошулган картадан 1000ден ашуун сервистерди онлайн төлөө.

+ O!Store дүкөндөрүнүн ири тармагынан капчыктагы каражаттарды накталай алуу. 

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817. «О!Деньги» электрондук акчалардын эмитенти – «Дос-Кредобанк» ААК, КРУБ лицензиясы: №037.


Тизмеге кайтуу