Кыргызстандыктар лотереядан утууну улантууда! Алдыда финалдык ойнотуулар!

20.05.2021

Кыргызстандыктарда лотереядан утуп алууга дагы эле мүмкүнчүлүк бар. 24-майда смартфондор, ал эми 31-майда Hyundai Sonata автоунаасы жана дароо 24 Tecno смартфону ойнотулат.

«Жазгы драйв» лотереясы 7-мартта старт алган, жана бүгүнкү күнгѳ чейин 160 смартфон менен жапжаӊы 2 Hyundai автоунаасы ѳз ээсин табышты.

Бактылуу жеӊүүчүлѳр биринчи жолу утушка ээ болгондорун, жана алардын кѳбү үчүн жеӊиш күтүлбѳгѳн окуя болгонун моюнга алышкан.

«Мен утуп алганда кадимкидей эле шок болуп калдым. Мага телефон чалып, кубантышты. Мындай чоӊ белекти биринчи жолу утушум. Чоӊ рахмат!», – деп бѳлүштү Анна Герасимчук.

«Капчыкты кѳптѳн бери колдоном, бирок билеттер топтолуп жатканын деле билген эмесмин. Жалпысынан 44 билет чогулуптур, алардын ичинен бирѳѳ – утуштуу болуп чыкты. Мындай жагымдуу белек үчүн ыраазычылыгымды билдирем», – деп кошумчалады Айжамал Канатбекова.

Катышуучулардын кѳпчүлүгү - «О!Деньги» капчыгынын активдүү колдонуучулары. Сервистин жардамы менен бардык коммуналдык кызматтарды, интернетти, айыппулдарды, кафенин эсептерин, дүкѳндѳрдѳн сатып алууларды, МКСдан күйүүчү майдын акысын онлайн тѳлѳѳгѳ болот. Ар бир аракет үчүн лотерея билеттери берилет.

«О!Деньги» капчыгын кѳп колдоном. Globus дүкѳндѳр тармагынан, Red Petroleum май куюучу станцияларынан дайыма капчык аркылуу тѳлѳм жүргүзѳм, балансымды толуктайм. Ошентип 431 билет чогулуптур», – дейт дагы бир жеӊүүчү Ильдар Исмаилов.

Мындан тышкары, ойнотууга катышуу үчүн билеттерди балансты толуктоо, «Мой О!» тиркемесине катталуу жана «О!Деньги» капчыгын толуктоо жана идентификациялоо, O!Store дүкѳндѳрүнѳн сатып алуулар үчүн алууга болот.

Hyundai Sonata 2021 автоунаасын же стилдүү Tecno смартфонун утуп алуу мүмкүнчүлүгүн ѳткѳрүп жибербеӊиз!

Толук маалымат drive.o.kg сайтында.

Ойнотуунун расмий ѳнѳктѳшү – Hyundai Центр Кыргызстан.

04.03.2021-ж. №194 лотерея ойнотуу уруксаты. Ѳткѳрүү мезгили: 7.03.2021-ж. – 31.05.2021-ж.

Бардык смартфондор тастыкталган. «О!Деньги» сервиси кызматтардын жеткиликтүү тизмесинин алкагында «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кѳрсѳтүлѳт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары


Тизмеге кайтуу