Кыргызстандыктар смартфондорунан түз эле банктык карталары менен төлөй алышат

14.08.2019

«Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» электрондук капчыгы менен өз смартфонунан түз эле банктык карталар менен төлөм жүргүзүү оңой болуп калды! Бул «О!Деньги» капчыгына карталарды кошуу боюнча пайдалуу функциясынын жардамы менен ишке ашат. Капчыктын колдонуучулары «Элкарт», Visa, Mastercard тутумдарынын карталарын кошуп, колдоно алышат.

Бул чындыгында абдан ыңгайлуу, эмне үчүн десеңиз:

  • Кошулган банктык карта терминал издөө муктаждыгынан арылтат. Каалаган учурда капчыкты толуктоого же картанын эсебинен төлөмдү дароо жүргүзүүгө болот.

  • Тиркемедеги карта менен сизде ар дайым төлөөнүн ыкмасын тандоо мүмкүнчүлүгү болот: электрондук капчыктан же картанын эсебинен.

  • Убакыттын бир кыйла үнөмү. Мындан ары кассирге карта берүүнүн, пин-кодду киргизүүгө убакыт коротуунун жана чекке кол коюунун кереги жок.

  • Пайдалуу шарттар. «О!Деньги» капчыгы аркылуу «Элкарт» карталары менен комиссиясыз төлөө. Ошондой эле DemirBank банкынын бардык дебеттик жана кредиттик карталардын ээлерине да комиссия каралбайт. Ал эми башка банктардын Visa жана Mastercard карталары үчүн комиссия сумманын болгону 1,5%ын түзөт.

  • Кепилденилген коопсуздук. Карталар боюнча бардык операциялар маалыматтардын коопсуздугунун эл аралык PCI DSS стандарттарына ылайык ишенимдүү корголгон.

Картаны капчыкка кошуу оңой: «Мой О!» тиркемесиндеги «Менин карталарым» вкладкасын ачуу, картанын маалыматтарын көрсөтүү менен тастыктоо жетиштүү жана бул ыңгайлуу опциянын бардык артыкчылыктары жеткиликтүү болуп калат!

Тиркеме тууралуу. 

«Мой О!» — чыгымдарды контролдоого, тарифти тандоого, гигабайттарды жана мүнөттөрдүн калдыктарын көрүүгө, ошондой эле ыңгайлуу «О!Деньги» капчыгы аркылуу интернетти, коммуналдык кызматтарды, онлайн-оюндарды, ЖКККББ айып пулдарын жана 300дөн ашуун сервистерди төлөөгө жардам бере турган функциналдык мобилдик тиркеме болуп саналат. Жүктөө: http://o.kg/l/myo

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан жеткиликтүү кызматтар тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: № 2021030817, 3022030817.

 




Тизмеге кайтуу