О! мобилдик операторунан 4G WiFi Wingle сатып ал да, 1 айга MEGOGO «Кино жана ТВ» жазылуу ал

14.09.2016

О! мобилдик оператору 4G WiFi Wingle сатып алганда, бир айга  «Кино жана ТВ» MEGOGO жазылуу, ошондой эле бир айга чексиз интернет алуу мүмкүн экендиги жөнүндө маалымдайт.

О!нун бардык сатуу жана тейлөө кеңселеринен жана shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн 4G WiFi Wingle комплектисин баасы 2 390 сомдон сатып алганда, сиз "Кино жана ТВ" жазуусу бар скретч-карта аласыз.

«О! мобилдик оепарторунан Wingle сатып алуунун жана 4G интернетин колдонуунун пайдасы мурункудан да көп сезилип жатат. Эми 4G WiFi Wingle сатып алганда, биздин абонент бир ай чексиз интернет гана албастан, эми кинолордун сыйлуу коллекциясына жана  популярдуу телеканалдарга бир ай акысыз кирүү алат. Эми кызыктуу кино жана мультфильм издөөнүн кереги жок», - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.

МЕGOGO "Кино и ТВ" жазылуу – бул миңдеген фильм, сериал жана мультфильм, ошондой эле 50 дөн ашык көңүл ачуучу жана жаңылыктар телеканалдары жана мунун баары эч кандай жарнамасыз. Контенттин каталогу күн сайын жаңыланып турат.

 МЕGOGO кызматы интернет тармагына туташтырылган бардык түзүлүштөрдө: компьютерде, смартфондо жана планшетте, Smart TV функциясы бар телевизордо, ошондой эле  STB-медиаплееринде жеткиликтүү. Бир аккаунт менен бир нече түзүлүштөн  бир эле убакта ТВ-каналдарды же кино көрүүгө болот.

Акция 2016-жылдын 31-декабрына чейин жүрөт. Акция жөнүндө  www.o.kg сайтынан кененирээк тааныша аласыз. 


Тизмеге кайтуу