О! компаниясынан эң сонун белек – бонустарды топтоп, алар менен балансыңызды толуктаңыз

30.11.2023

О! Мобилдик оператору өзүнүн 15 жылдыгынын урматына абоненттерине лоялдуу мамилелери үчүн ыраазычылык билдирүү менен, кубаныч тартуулайт.

Эми бонустар дагы көбөйүп, аларды алуу – мурункудан да оңой болот.

Мындан ары «Мой О!» тиркемесинен бонустарды «О!Деньги» электрондук капчыгы аркылуу QR боюнча товарлар менен кызматтарды төлөөдөн гана эмес, актуалдуу тарифтердин биринен О! мобилдик байланышын колдонуудан дагы ала аласыздар. Байланыш кызматтары үчүн берилген бонустар программанын башка өнөктөштөрүнөн алынган бонустарга кошулат. Ал эми аларды О! байланыш кызматтарына, ошондой эле «О!Бонус» программасынын бардык өнөктөштөрүнүн товарлары менен кызматтарын төлөөгө жумшасаңар болот.

«О! түйүнү ишке киришкен 2009-жылдан бери, биз миллиондогон кыргызстандык мекендештер менен бирге чоң жолду басып өттүк. Чакан, бирок амбициялуу оператордон чыныгы гигантка –өлкөдөгү мобилдик байланыш рыногунун лидерине айландык. Биз О! компаниясын тандаган ар бир абонентибизге ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары дагы пайдалуу жана жагымдуу көп учурларды бирге өткөрөбүз деген ишеничтебиз», – деп белгилейт О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

1 бонус = 1 сом

Сиз бонустук программага катышкан жана 2% кешбэк берген супермаркеттен 3000 сомго соода кылып, «О!Деньги» капчыгы менен эсептештиңиз дейли. Мындан дароо эле 60 бонуска ээ болосуз да, алар менен телефонуңуздун балансын 60 сомго толуктай аласыз. Абдан ыңгайлуу экенин эч ким танбаса керек!

Эгерде дагы эле бонустарды ала элек болсоңуз, анда азыртан киришиңиз. Бул үчүн тарифиңиз актуалдуу «Переходи на О!» линейкасына кирген тарифтердин бири болууга жана «Мой О!» тиркемесинин акыркы версиясы орнотулууга тийиш.

«Мой О!» – бул О! жана Saima Telecom абонентинин жеке кабинети, «О!Деньги» электрондук капчыгы жана «О!Маркет» маркетплейси.

Көбүрөөк активдүүлүк – көбүрөөк бонус!

«О!Бонус» акциясына «О!Деньги» ЭКнын идентификациядан өткөн ээси болгон «Переходи на О!» линейкасындагы актуалдуу тарифтердин абоненттери гана катышат. Берилген бонустарды   «О!Деньги» капчыгына которгонго болбойт. Акциянын толук шарттары, анын ичинде төлөгөн учурда бонустар бериле турган кызматтардын тизмеси, берилген бонустарды колдонуу мүмкүн болбогон учурлар, корректировкалар жана башка жагдайлар o.kg сайтында көрсөтүлгөн. Акция 28.11.2023-жылдан 31.12.2026-жылга чейин уланат. «НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары. «О!Деньги» сервиси жана бонустук процессинг «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лицензиялары.


Тизмеге кайтуу