Учурдан пайдаланып калыңыздар! O!Store дүкөндөрүндө -80%га чейин арзандатуулар

24.11.2023

Болгону 3 күн: 24, 25 жана 26-ноябрда бардык O!Store дүкөндөрүндө аксессуарларга жана акылдуу түзүлүштөргө 80%га чейин укмуштуудай чоң арзандатуулар берилет!

O!Store дүкөндөрүндө баары бар

Термостор, шамчырактар, оюнчуктар, чаң соргучтар, электр устаралары баш болгон акылдуу түзүлүштөр. Самокаттар, сааттар, абаны нымдоочу түзүлүштөр, таразалар, массажёрлор, кулакчындар, колонкалар, пауэрбанктар, зымсыз заряддоочу түзүлүштөр жана башка көптөгөн пайдалуу буюмдар.

Супер пайдалуу сатып алууларды ишке ашырыңыз. Жөн эле келип, көңүлүңүзгө жаккан товарды тандаңыз да, алып кете бериңиз. Бирок акция боюнча товардын саны чектелүү экендигин эсиңизден чыгарбаңыз.

Белектерди даярдоого убакыт келди

Жаңы жылга аз гана убакыт калды жана азыр – жакындарыңарга белек алуу жөнүндө ойлоно турган мезгил. Арзандатуулардан пайдаланып азыр алып коюңуз да, аларды салтанаттуу тапшыра турган учурга чейин ката туруңуз.

Арзандатуу менен бааны ээлеп коюңуз

Эгерде сизге баасы 3000 сомдон жогору болгон товар жагып калып, бирок сатып алуу үчүн учурда каражатыңыз жетишсиз болуп жатса, бөлүп төлөөгө жолжоболоштуруп алууга мүмкүндүк бар. Азыраак суммалар менен төлөгөн кыйла жеңил, ал эми бөлүп төлөөнү пайызсыз жана баштапкы төгүмсүз тез эле жолжоболоштуруп алсаңыз болот.

O!Store сизге пайдалуу сатып алууларды каалайт!

Баасы 1501 сомдон башталган аксессуарларга 10%, 501 сомдон 1500 сомго чейинки буюмдарга – 30%, 500 сомго чейинки товарларга - 50%, ошондой эле кээ бир товарларга 80% арзандатуу каралган. Awei брендинин товарлары акцияга катышпайт.

Пауэрбанктар, кулакчындар, колонкалар, зымсыз заряддоочу түзүлүштөр, автоунаа үчүн заряддоочу түзүлүштөр шайкештикти тастыктоо боюнча милдеттүү процедурадан өткөн. Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КР УБ № 037 лицензиясы. «НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.


Тизмеге кайтуу