Кытай байланышта: О! роумингинин жаңы багыты ачылды

17.12.2018

Эми О! Мобилдик операторунун бардык жеке абоненттери үчүн China Mobile түйүнүндө Кытайдагы роуминг ачык.

Бул Кытайга сапар ала тургандар үчүн кадимки телефон номеринде калууларына жана эч бир маанилүү чалууну өткөрүп жибербөөлөрүнө мүмкүнчүлүк берет. О! операторунунун роуминги менен кесиптештериңиздерге жана жакындарыңыздарга убактылуу номериңизди айтуу үчүн жергиликтүү SIM-карта издөөгө жана катталууга убактыңызды коротпойсуз. Сиз пайдалуу бааларда байланышта калуу үчүн болгону роумингдин керектүү кызматтарын кошуп аласыз.

О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселерине барбай туруп эле О! операторунун роуминг кызматтарын акысыз кошуп алууга болот жана абоненттик төлөм алынбайт.

Кызматты активдештирүү үчүн кошуп алуунун акысыз буйрутмаларын терүү гана жеткиликтүү:

  • Добуштук роуминг - *996#;

  • Интернет-роуминг - *997#.

Ушул эле акысыз буйрутмалар менен 1 сом/1Мб пайдалуу тарифи кийинки өлкөлөрдө да активдештирилет: Россия Tele2 жана Мегафон түйүндөрүндө; Казакстан Tele2 түйүнүндө; Өзбекстан Ucell түйүнүндө; Түркия Turkcell түйүнүндө; Сауд Арабиясы Saudi Telecom Company түйүнүндө, Таиланд True Move түйүнүндө жана Вьетнам Viettel түйүнүндө.

Роумингдин кызматтарынын тарифтери менен компаниянын www.o.kg сайтынын «Роуминг» бөлүмүнөн таанышса болот.

О! менен бирге саякаттаңыз да, ар дайым байланышта болуңуз!

 


Тизмеге кайтуу