Кыргызстанда байланышы жок жетекчилик кызматка кантип жетүү мүмкүн

12.08.2022

«Биринчи жактын атынан» аттуу рубрикасынан О! компаниясында нөлдөн баштап карьерасын курууга жетишкен кызматкерлерибиздин жеке баяндары менен тааныштырууну улантабыз. Эльдияр Орозалиев промоутер болуп эмгектенип, O!Store тармагын өнүктүрүү кызматында башкы позицияга чейин көтөрүлө алды.

1_Элдияр Орозалиев.png

– Бардыгы кадимкидей эле башталган. Мектепте окуп жүргөндө эле, 14 жашыман баштап акча табууга умтулуп, автоунаа жууган жайда, суусундуктар өндүрүшүндө иштедим. Дайыма жеке каражаттарымды табууга аракет кылчумун. Кыскасы «элдин уулу» деген атка конууну көздөчүмүн. Мындай балдар ар дайым ийгиликке жетет, алдыда жүрөт жана мыктыларды мыктысы болот эмеспи.

О! компаниясында эмгектенүүнүн жакшы жери – жумуш менен окууну бирге алып жүрүү мүмкүндүгүнүн берилиши. Ошентип, 18 жашымда промоутер болдум. Күн сайын, аба-ырайы кандай болбосун, мээ кайнаткан ысыкта да, кычыраган суукта да жумушка чыкчубуз. Бир жыл иштеген соң, аймактардагы кесиптештерди сапаттуу сатуу көндүмдөрүнө үйрөтүү максатында областтарга жөнөтүштү.

Ишиме байланыштуу бүтүндөй Кыргызстанды кыдырып чыктым! Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана башка областтардын кооз жерлерин көрүп, кесиптештерим менен натыйжалуу жана сапаттуу сатуу боюнча тажрыйбаларым менен бөлүштүм.

2_Эльдияр Орозалиев.jpg

Тааныштарыман кишилер түрдүү жумуштарга кантип орношуп жаткандары тууралуу көп эле угуп жүрөм: сөзсүз байланыштар, тааныш-билиштик керек. Бул жерде болсо андай эмес! Компанияда биринчи эле кезекте кылган ишиңдин натыйжаларына, жасаган эмгегиңе калыстык менен баа берилет. Баары өз ордунда. Муну мен болгону 20 жашка жаңы толгон баланы жоопкерчиликтүү кызматка дайындашканда сезе алдым – мен түз сатуулар тобунун супервайзери болдум. Ал учурда кесиптештеримдин эң жашы 28 жашта болчу.

Дагы 3 жыл өткөн соң, баш тартуу мүмкүн болбогон сунуш алдым – мага Нарын областынын сатуу каналдарынын бирин жетектөөнү сунуш кылышты. Алдыга койгон милдеттерди аткарыш үчүн туура бир жыл талап кылынды, андан кийин Бишкекке кайтып келдим. Болгондо да үй-бүлөлүү адамдын макамы менен келдим. Алдыда жаңы максаттар менен милдеттер бар эле.

3_Эльдияр Орозалиев.jpg

Андан бери компаниядагы позициям дагы көтөрүлүп, учурда O!Store тармагын өнүктүрүүнү жана төрт аймактан 250гө жакын кызматкерди жетектейм. Буларга жетүү мен үчүн оңойго турган жок – баарын аңдап түшүнүш, өздөштүрүш үчүн бир жарым ай талап кылынды. Жумушта кечке чейин калып, документтерди изилдеп отурчумун.

Компанияда иштегениме 10 жыл болду жана ар бир жаңы күн мурунку күнгө окшобойт. Кызыктуу долбоорлор, ошондой эле эң башкысы – натыйжага багытталуу жана колдо болгон нерсени, эмнеге умтулуу жана эмнеге жетүү керек экендигин түшүнүү бизди эч качан зериктирбейт.

Баса, O!Store дүкөндөр тармагы сатуу көндүмдөрүнө ээ, кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөгөн, ПК жакшы билген амбициялуу, жоопкерчиликтүү жана көрүнүктүү кызматкерлерди өз командасына алат.

О! Мобилдик оператору төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • туруктуу эмгек акы;

  • акысыз мобилдик байланыш; 

  • эң сонун атмосфера жана карьералык өсүүнүн перспективалары.

Резюмеңди почтага ➡vacancy@nurtelecom.kg же WhatsApp’ка +996 (700) 000 430 жибер.


Тизмеге кайтуу