Ноябрдагы эс алуу күндөрүн кантип өткөрүү керек?

06.11.2018

Окуучулар болушунча каникулдарынан ырахат алып жатышканда алардын ата-энелерине да жакшылап эс алууга кезек келди окшойт. Эртең эле көп күттүргөн эс алуу күндөрү башталат. Шкафыңызды иретке келтирип жатып сүйүктүү свитериңизди таап алдыңыз, балдарыңызды чыгармачылык өнөрканаларга алып бардыңыз жана досторуңуз менен моокумуңуз канганча сүйлөштүңүз дейли, эми эмне менен алектенесиз?

Кинокечелерин уюштуруңуз

Бүт үй-бүлөңүздү же досторуңузду үйүңүзгө же дачаңызга чакырыңыз. Чоң энеңиз жасагандай таттуу наныңызды бышырыңыз да, бир пиала чай же какао менен телевизордун маңдайына ыңгайлуураак жайгашыңыз.

Эгер сиз мурдатан кинофильмдердин тизмесин даярдай элек болсоңуз жана эмнени көрүү боюнча конкреттүү идеяларыңыз жок болсо, O!TV кызматын кошуп алыңыз. Сиздин тандоого –күн бою балдарыңыз менен көрүүгө боло турган 100% фильмдерден турган 146 канал коюлат. Жеңил жана позитивдүү «Дом кино», «Кинопремьера», «Кинохит», «Киносемья», «Еврокино», «Киносвидание» каналдары сиздерди ойлордон арылтып, жакшы маанай менен камсыз кылат!

Өзүңүздөргө «жарнамалык тыныгуу» жарыяласаңыз болот, ал ортодо чай ичип же азыр эле көргөн фильмди талкуулап, андан кийин кайра телевизор көрүүнү улантасыздар. Кинофильмдерди көрүү менен өткөн кеч жайлуу болору анык.

O!TV тиркемеси аркылуу телеберүүлөрдү бардык түзүлүштөрдөн: смартфондон, планшеттен же ноутбуктан көрсө болот. Эгер сиздин үйдө Smart TV функциясы менен Sony, Phillips, Samsung, LG телевизорлору турса, анда чоң экрандан ТВ көрүү үчүн O!TV тиркемесин жүктөп алыңыздар. Кантип аткарыла тургандыгы тууралуу маалымат бул жердеги толук нускамада берилген. *750*3# буйрутмасы менен суткасына болгону 7 сомго 146 каналды кошуп алыңыздар.

Вариант катары

Атайын бир темага багытталган кинокече уюштурса да болот, мисалы, комедиялар, боевиктер же мелодрамалар. Бул фильмдердин баарын кайдан издөө керек? О! мобилдик операторунун «О!Кино» сервисин кошуп алыңыз да, көп миңдеген каталогду барактай бериңиз: фильмдер, мультфильмдер, сериалдар, андан дагы балким ТВ-шоуларды, илимий-популярдуу жана башка көрсөтүүлөрдү көргүңүз келип кетиши мүмкүн. Мультфильмдердин арасында сүйүктүү советтик мультиктер дагы, акыркы жылдарда жаңы чыккандар да бар. Каталогдо ориентир алуу жеңил: кинону жанры боюнча таап, анын рейтинги кандай экенин көрүп, кыска аннотациясын окуп чыкса да болот. Көп миңдеген фильмдердин каталогун *755*2# буйрутмасы аркылуу суткасына 7 сомго кошуп алуу мүмкүн.

Суроолоруңуз барбы? 750 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) жана 0705 700 700 (башка операторлордун абоненттери үчүн) телефондоруна чалыңыз.

Баса, О! абоненттери үчүн гана «О!Кино» сервисинин алкагында ТВ-каналдарды жана кинофильмдерди көрүүдө интернет-трафик тарифтештирилбейт.

O!TV сиздерге жагымдуу эс алуу күндөрүн каалайт!

 


Тизмеге кайтуу