Барселонадагы MWC2019 технокѳргѳзмѳсү кандай ѳттү: видеосерептер @o_mobile_operator

01.03.2019

Бул жумада Барселонада мобилдик технологиялардын рыногундагы дүйнѳнүн эӊ маанилүү кѳргѳзмѳсү — World Mobile Congress 2019 болуп ѳттү.

Дүйнѳдѳгү мобилдик индустриянын эӊ ири ѳндүрүүчүлѳрүнүн кызыктуу жаӊылыктары менен ѳз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштыруу максатында О! мобилдик оператору Каталониянын чок ортосунан түз трансляциялык берүүлѳрдү уюштурду. Акыркы жаӊылыктар биринчи колдон, жаӊы чыккан смартфондордун жандуу серептери менен катар эле, @o_mobile_operator расмий баракчасына жазылгандар Кыргызстандын алдыӊкы мобилдик операторунун Instagram-аккаунтунан реалдуу убакыт режиминде иш-чараны кѳрѳ алышты.

Түз эфирге катышууга жетишпей калгандар, MWC2019 кѳргѳзмѳсүнѳн тѳмѳнкүдѳй кыскача видеосерептерди кѳрѳ алышат:

  • Кѳптѳн күткѳн Mi9 флагманын сунуштаган Xiaomi жана ѳзүнүн революциялык ийкемдүү MateX смартфонун сунуштаган Huawei жабык презентациясынан алынган видео: Видео #1

  • WMC2019 менен бул серепте Honor, LG, Nokia жана Samsung суперфлагманы – үч негизги камералуу Galaxy S10 сыяктуу жаӊы моделдер менен таанышабыз: Видео #2

  • Качандыр бир убакта Барселонага барууну каалайсызбы? Бул видеодо сиздер үчүн дагы кызыктуу нерсе бар.

Бул жылдагы WMC алкагында негизги тенденция болуп, диагоналдын маанилүү ѳлчѳмдѳ ѳсүшү менен «алкаксыздык» эсептелет. Ошондой эле дүйнѳлүк индустриянын гиганттары ѳздѳрүнүн жаӊы моделдеринде камеранын санына басым жасашты. Эки камера толугу менен жетиштүү деп ойлоп жүрдүӊүз беле? Жок, жетишсиз экен, 5 камералуу смартфондор кѳргѳзмѳгѳ чыгарылды. Баарынан мурда Energizer экземпляры – бир жума бою азыктандырылбастан иштѳѳгѳ жѳндѳмдүү смартфон таӊ калтырды! Чындыгында, ѳлчѳмдѳрү да ѳзүнѳ жараша экен. Мындай смартфон бардык эле чѳнтѳктѳргѳ бата бербейт.

Жаӊычылдыктардын толкунунда болуӊуз –  дайым О! менен бирге болуӊуз!

 


Тизмеге кайтуу