Үч айга акысыз музыканы, кинону жана башка көп нерселерди кантип кошуп алса болот

26.11.2021

Яндекс.Музыка менен ар дайым уга турган нерсе табылат – жеке сунуштамалар, бардык учурга тиешелүү тандалмалар, дүйнөдөгү бардык нерсеге тиешелүү подкасттар жана кыргызстандык жылдыздар менен бирге миллиондогон музыкалык жаңылыктар.

Мунун баары жана башка көптөгөн нерселер О! абоненттерине толук 90 күнгө АКЫСЫЗ жеткиликтүү. Болгону *090# буйрутмасы менен «Яндекс Плюс» сервисин активдештирүү же «Мой О!» тиркемесинен Яндекс.Музыка тиркемесин жүктөп алуу гана жетиштүү.

Акысыз музыкадан тышкары, сиз буларга ээ болосуз:

  • Комфорт жана Комфорт+ тарифтери боюнча «Яндекс.Go» аркылуу сапарларга 10% арзандатуу;

  • «Кинопоиск» тиркемесинде онлайн фильмдер жана сериалдар;

  • «Яндекс.Дисктеги» кошумча мейкиндикке + 10 ГБ.

Бирок бүгүн Яндекс.Музыканын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кененирээк маалымат беребиз

Акылдуу плейлисттер

Эми бизге көптөгөн плейлисттерден жаңы музыканы тандоо үчүн убакыт коротуунун кереги жок – сиз үчүн муну Яндекс.Музыка тиркемесиндеги «Менин толкунум» автоматтык сервиси аткарып коёт. Сизге гана жаккан музыканын чексиз агымы ашык аракеттерсиз жеткиликтүү! «Менин толкунум» сизге гана ылайыкташат жана өз алдынча окуп үйрөнөт: сиздин маанайыңыздан, мүнөзүңүздөн, тандаган тректердин тилдеринен багыт алат.

Күн сайын пайдалуу нерсе

Күн сайын жаңы жана пайдалуу бир нерсени угуу жана үйрөнүүнүн жаңы ыкмасын байкап көрүңүз! Яндекс.Музыка тиркемесинен эң кызыктуу подкасттарды табасыз. Сиз кадимки темпте же контентти ылдамдатуу менен уксаңыз болот. Эгер сиз аягына чейин укпай калсаңыз, кийин жан дүйнөңүз кызыктуураак бир нерсени каалаганда подкастты этегине чейин угууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн тиркеме кайсы жерде токтогонуңузду эстеп калат.

Балдарга арналган бөлүм

Ата-энелерге күнүмдүк иштерине жардам берет. Балдарды уктатуу, аларды эртең менен бала бакчага даярдоо, узак жолдо убакытты бирге өткөрүү. Ата-энелер балдар бөлүмүндө балдардын курагына, алектенген сабактарына жана каармандарына жараша топторго бөлүнгөн ырларды, жомокторду, аудиокитептерди, подкасттарды, табышмактарды жана ырларды таба алышат. Бул бөлүмдө балдар медицинасы, балдар адабияты жана тарбиялоо тармагындагы эксперттердин пайдалуу тандалмалары да бар.

Музыканы офлайн угуңуз

Яндекс Плюс жарнаманы өчүрүүгө, музыканы жогорку сапатта угууга жана офлайн-угуу үчүн тректерди сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.

Музыканы аныктап алыңыз

Бир гана Шазам эмес... Яндекс.Музыка сиздин жаныңызда жаңырып жаткан тректин атын аныктоого жардам берет. Болгону микрофону бар баскычка басыңыз да, Музыкага аны уктуруңуз. Тиркеме тректин атын айтып берет да, аны атайын «Аныкталгандар» плейлистинде сактап коёт.

Жазылуу О! Мобилдик операторунун бардык тарифтик пландарында жеткиликтүү. Акысыз мөөнөт аяктагандан кийин, сиз аны менен айына 179 сомго пайдалана аласыз. Толук маалымат yandex.o.kg сайтында.


Тизмеге кайтуу