Мобилдик түйүндүн сигналынын сапатына кантип мониторинг жүргүзүлөрүн билдик

05.10.2018

О! Мобилдик операторуна жакында 10 жыл толоруна карабастан, бул мобилдик түйүндү үзгүлтүксүз камкордукту жана көңүл бурууну талап кылган дайыма өнүгүү жолундагы жаш “организм” менен салыштырууга болот.

Бүгүн биз О! Мобилдик операторунда мейманда гана болбостон, компаниянын “өндүрүштүк ашканасында”болуп кайттык. Компаниянын түйүндү пландаштыруу боюнча инженери Роман Колесников түйүндүн сапатын жакшыртуу үчүн эмне жасалып жаткандыгы тууралуу ой бөлүштү.

Колдонуучу дайым туура же эмне үчүн UX (user experience) мынчалык маанилүү

Жыл өткөн сайын түйүн өзүнүн өнүгүү этаптарынан өтуп келе жатат: пландаштыруу, курулуш, радио өлчөөлөр, оптимизация, ишке киргизүү жана кайрадан пландаштыруу. Түйүндү өнүктүрүү идеялары пландаштыруу этабында пайда болот. Абоненттердин каалоолорунун негизинде, көрсөтүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу максатын көздөө жана телекоммуникациялардын рыногунун өнүгүү тенденцияларын эске алуу менен биз түйүндү өнүктүрүү планына ээ болобуз.

Негизги ой: жаңы базалык станцияларды куруу жана түйүндүн максималдуу түрдө эффективдүү жана сапаттуу иштөөсү үчүн иштеп жаткан станцияларды модернизациялоо.

Бул план түйүндү куруу этабында ишке аша баштайт, курулуш аяктаган соң базалык станция эфирге чыгат жана иштеп жаткан түйүнгө интеграциясы талап кылынат.

Биз менен абоненттерибиздин ортосундагы user experience деп аталган карым-катнашты түшүнүү жана түйүндү пландаштыруу этабында коюлган максаттарга жеткендигибиз биз үчүн маанилүү. Түшүнүү болсо радио өлчөмдөрдүн процессинде жана абоненттерден кайтарым байланыштын анализин жасоо менен келет.

Радио өлчөөлөр процесси базалык станция тарабынан түзүлгөн статистикалык маалыматтарды жана дравй-тест учурунда мобилдик радио өлчөөчү лабораториялардын жардамы менен топтолуучу маалыматтардын анализин ичине камтыйт.

Драйв-тест – абоненттердин смартфондорунун жүрүм-турумун имитациялоочу жабдуулардын комплексинин жардамы менен статистикалык маалыматтарды жана радиоэфирдин сапаттык көрсөткүчтөрүн чогултуу иш-чарасы болуп саналат. Лабораториялар автоунаанын базасында мобилдик болушу мүмкүн же биздин инженерлердин жардамы менен ташууга ыңгайлуу болушу мүмкүн.

Дөңгөлөк үстүндөгү мобилдик лаборатория кандай болот?

Биринчи көргөн кишиге бул чатырында бир нече антенналары гана болгон кадимки эле жогорку өткөрүмдүү автоунаадай көрүнөт. Жогорку өткөрүмдүүлүк биздин бийик тоолуу өлкөбүздүн эң алыс жайгашкан участкаларына чейин изилдөө үчүн керек. Бирок эң кызык нерселери автоунаанын ичинде жайгашкан.

Автоунаанын ичинде биз драйв-тесттин учурунда жабдууларды жана изилдөө маршрутун караган инженердин эргономикалык иш ордун көрөбүз. Жабдуунун комплектациясы биздин кызматкерлер тарабынан долбоорлонгон – бул ноутбук, абоненттердин телефондорунун жүрүм-турумун имитациялоочу түзүлүштөрдүн комплекси жана жалпы радио өлчөөчү комплекстин ишин колдоо үчүн жардамчы шайман.

Ноутбук атайын программалык камсыздоо менен жабдылган жана механикалык жана температуралык таасирлерге туруштук бере ала тургандай жогорку туруктуулукка ээ. Анын милдети – статистикалык маалыматтарды топтоо, бүт жабдуулардын жана реалдуу убакыт режиминде тесттин маршрутун көзөмөлдөө болуп саналат. Маршрут болсо GPS-кабыл алуучунун электрондук картасынын жардамы менен синхронизация болуп турат.

Смартфондор дагы түйүндүн сапатын абдан көзөмөлдөйт

Бул жерде эң башкысы ноутбук – анткени ал мобилдик телефондордун атайын боксунан жана радио өлчөөчү блоктордон турган жабдуунун толук комплексин көзөмөлдөйт. Телефондор эреже катары жупташып иштөө үчүн жуп санда болот (6, 8, 10 түзүлүш). Мындагы бокс - сактоо жайы гана болбостон, мобилдик телефондорду байланыштырган жана заряддаган да түзүлүш болуп саналат. Тест учурунда түзүлүштөрдүн ортосунда иш кайнап турат. Телефондор жана радио өлчөөчү блоктор статистикалык маалыматты топтойт, радиоэфирдин көрсөткүчтөрүн жаздырат, бири-бирине чалышат, маалыматтарды беришет жана алышат, ал гана эмес “фильмдерди” да көрүшөт.

Ал эми иш кандай жүрө тургандыгын атайын сценарийлер же “скрипттер” аныктайт. Мисалы, биз бир окуянын өнүгүүсүн тапшырабыз: интернеттеги белгилүү бир ресурстан 1 гигабайт маалыматты жүктөө. Башка бир мисал: бир түзүлүштөн экинчи бир түзүлүшкө добуштук чакыруу жүргүзүү, 20 секунданын ичинде эталондук жаздырууну ойнотуу жана чакырууну аяктоо. Биринчи мисал аркылуу биз түйүндөн маалыматтарды жүктөө ылдамдыгын баалай алабыз, ал эми экинчисинен өткөрүлүп жаткан кептин сапатын түшүнүүнү текшеребиз. Мындай сценарийлерди мобилдик байланыш кызматтарын пайдаланган абоненттин жашоосунун ар бир учуруна ойлонуп тапсак болот.

Бенчмаркинг

Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу жана бир кадам алдыга болуу максатында, биз башка мобилдик операторлору менен салыштырма драйв-тесттерди – бенчмаркинг жүргүзөбүз.

Колубуздагы лабораториялар

Дөңгөлөк үстүндөгү лабораториялардын тышкары колубузда да лабораториялар бар. Бул атайын программалык камсыздоосу бар кадимки мобилдик телефон, ал дагы радиоэфирдин түрдүү көрсөткүчтөрүн жана статистикалык маалыматтарды жаздырып алуу, чалуу, маалыматтарды өткөрүү жана белгилүү сценарийлер менен кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Мындай лабораториялардын тиби көчөдө болгондой эле, жабык имараттарда: жер алдындагы унаа токтотуучу жайларда, шахталарда, жертөлөлөрдө өзгөчө учурларда колдонулат.

Драйв-тест аяктагандан кийин бардык топтолгон маалыматтар кеңсеге алынып келинет жана атайын программалардын жардамы менен иштелип чыгат. Бул программалар бардык маалыматтарды орду-ордуна коюуну, графиктерди түзүүнү, түрдүү отчетторду даярдоону, көйгөйлүү аймактарды көрсөтүүнү жана аларды жок кылуунун мүмкүн болгон варианттарын сунуштоону билишет.

Тесттердин токтоосуз өзгөрүп туруусу түйүндүн сапатын жакшыртууга арналат

Радио өлчөөлөр этабында алынган маалыматтарга анализ жүргүзүү менен биз оптимизация процессине өтөбүз. Бул процесс базалык станциялардын түрдүү параметрлеринин жана түйүндүн башка элементтеринин алмашуусу болуп саналат. Процесс абдан көп күчтү жана эмгекти талап кылат: базалык станциялар бири-бири менен тыгыз байланышкандыктан, бул же тигил параметрлерди оңдоо түйүнгө киргизүүнү каалаган ошол станцияга гана эмес, жанындагы кошуна станцияларга да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Оптимизация процесси канчалык деңгээлде туура өткөнүн түшүнүү үчүн биз радио өлчөөлөр процессине кайрылабыз. Керектүү жыйынтыктарды алмайынча, биз “радио өлчөөлөр - оптимизация - радио өлчөөлөр” циклин бир нече жолу кайталашыбыз мүмкүн.

Оптимизация максаттарына жеткенде жана радио өлчөөлөр боюнча иш-чаралардын комплекси тарабынан тастыкталгандан кийин гана биз түйүндү ишке киргизүү процессине өтөбүз. Бул этапта базалык станциялардын жана түйүндүн башка элементтеринин ишке ийкемдүүлүгү колдоого алынат, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты боюнча абоненттерибиздин кайтарым байланышын иштеп чыгуу жана анализ жүргүзүү ишке ашырылат.

Ошентип, түйүндүн өнүгүү цикли дагы бир өзүнүн кезектеги мезгилин аяктады жана жаңы идеялардын пайда болуу этабы болгон пландаштыруу мезгили орун алды. Телекоммуникациялар рыногу бир орунда турбайт, прогресс бизден көрсөтүп жаткан кызматтарыбыздын сапатындагы жогорку бийиктиктерге жетүүбүздү талап кылат. Биз дагы, түйүнүбүздүн өнүгүүсүнүн бардык этаптарын кайра кайра өтүү менен улам жаңы бийиктиктерди мыкты даярдыктарыбыз менен багынтып келебиз.


Тизмеге кайтуу