«Интернет жана ТВ бир жылга» – абоненттик төлөм жөнүндө унутуңуз!

31.01.2019

О! Мобилдик операторунун жаңы пайдалуу «Интернет жана ТВ бир жылга» сунушун кошуп алыңыз.

Популярдуу 150 ТВ каналдарын көрүү мүмкүнчүлүгү бар O!TV Android приставкасына жана ылдамдыгы секундасына 1 Мбитке чейинки чексиз интернети бар 4G Wi-Fi ВИНГЛге ээ болуңуз да, бир жылга абоненттик төлөм жөнүндө унутуңуз!

«О! Мобилдик оператору кардарларына дайыма көңүл буруп келет жана биздин жаңы сунушубуз мунун чыныгы далили болуп саналат. Кардарлар көбүнесе түрдүү кызматтарды бириктирүүбүдү суранышат, аларды көбүнчө ай сайын интернет же ТВ төлөмдөрүн төлөө маселеси түйшөлтөт, анткени төлөнбөй калса кызматтар өчүп калат да, үй-бүлө мультимедиалык кызматтардан кур калат. Биз эң керектүү жана суроо-талапка ээ санариптик кызматтардын универсалдуу комплектисин түздүк, анын ар бир үй-бүлөгө үнөмдүү болуусу үчүн бир кыйла арзандаттык. Кардарларыбыз анын артыкчылыгын баалашат деген ишенимдебиз», – деп жаңы өнүмгө баасын берди О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

 «Интернет жана ТВ бир жылга» Акциясы боюнча баштапкы комплектиде сиз төмөндөгүлөргө ээ болосуз:

  1. «Интернет жана ТВ бир жылга» популярдуу 150тан ашуун рейтингдик каналдарды эң мыкты сапатта көрүү мүмкүнчүлүгүн сунган O!TV Android приставкасы. Муну менен гана чектелип калбастан, приставка сиздин кадимки телевизоруңузду ири мүмкүнчүлүктөрү бар мультимедиалык борборго айлантат: аны телевизорго кошуу менен онлайн-телевидение көрүүгө, телевизор аркылуу чексиз интернетти пайдаланууга, социалдык тармактарда баарлашууга, ошондой эле USB-топтогучту туташтыруу менен медиафайлдарды да көрүүгө болот.

  2. Секундасына 1 Мби тке чейинки ылдамдыктагы чексиз интернетти камсыз кылуучу 4G Wi-Fi ВИНГЛ. Вингл бардык USB-порттон иштейт жана жогорку ылдамдыктагы интернетти бардык жерде – үйдө, машинада, дачада таратат!

Артыкчылыктары:

  • Аптанын 7 күнү менен сутканын 24 саат бою кайсы жерде жайгашканына карабастан интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү менен телевидениенин жеткиликтүүлүгү;

  • Сервиске түрдүү түзүлүштөр кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ (компьютер, смарт ТВ, телефондор, планшеттер, O!TV Android приставкасы);

  • Кошуу жана ырастоо оңой! Дубалдар жана плинтустарга эч кандай зымдарды тагуунун жана үйгө туташтыруу үчүн бригаданы чакыруунун зарылчылыгы жок.

Акциялык комплекттин баасы – бардык салыктарды эске алуу менен 4990 сом.

Акциялык тарифтин иштөө мөөнөтү – 360 күн.

«Интернет жанаТВ бир жылга» комплектисин О! Мобилдик операторунун бардык кеңселеринен сураңыз же ostore.kg сайтынан 0705 007 000 телефону аркылуу онлайн тапшырык кылыңыз. Акция тууралуу кененирээк маалыматты www.o.kg сайтынан жана 798 телефону аркылуу алса болот. Түзүлүштөрдүн саны чектелүү.

 

 


Тизмеге кайтуу