О! Мобилдик оператору маалымдайт

01.03.2019

Кѳӊүл буруӊуздар! ⠀

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «ОСМП» ЖЧКнун 2019-жылдын 1-мартынан тартып тѳлѳмдѳрдү кабыл алууну токтотуусу боюнча чечим чыгарылгандыгына байланыштуу, Сиздерден балансты толуктоо үчүн QIWI системасын убактылуу колдонбой турууӊуздарды ѳтүнѳбүз.

Балансты О! фирмалык терминалдары, же болбосо «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» капчыгын колдонуу аркылуу комиссиясыз толуктоо мүмкүн экендигин эскерте кетмекчибиз. Муну менен катар, башка тѳлѳм системаларынын терминалдарынан да толуктоого болот.   ⠀

О! терминалдарынын картасы o.kg/terminals/ шилтемесинде жеткиликтүү. ⠀

Ошондой эле, биз сатуу жана тейлѳѳ кеӊселеринде сиздерди кѳрүүдѳн ар дайым кубанычтабыз.  ⠀

*«О!Деньги» кызматы «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан жеткиликтүү кызматтардын тизмесинин алкагында берилет. КРУБ №2021030817 жана №3022030817 лицензиялары.


Тизмеге кайтуу