Электрондук билет: «О!Деньги» аркылуу телефондун балансынан кантип «Тулпар» картасын толуктаса болот

07.09.2020

Бишкек шаарынын коомдук транспорту кадимки режимде иштеп жатат. Шаардын мэриясы автобустар менен троллейбустардагы жол кирени «Тулпар» карталары менен нак эмес жүргүзсө боло тургандыгын эскертет. Мунун жол-жобосун айтып беребиз.

«Тулпар» картасын кайдан сатып алса болот?

Ыңгайлуулук үчүн транспорттук карталар О! Мобилдик операторунун бардык сатуу жана тейлөө кеңселеринде жана Бишкек шаарындагы O!Store дүкөндөрүндө жеткиликтүү. Картанын баасы 50 сом, бул баанын ичине бир жолку акысыз жол жүрүү киргизилген.

Транспорттук картаны кантип толуктаса болот?

«Тулпар» картасын «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы телефондун балансынан түз эле төлөсө болот. Бул оңой, тез жана ыңгайлуу.

Муну аткаруу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

1.      «Мой О!» тиркемесин орнотуу;

2.      «О!Деньги» бөлүмүн ачуу;

3.      «Тулпар» картасындагы QR-кодду сканирлөө;

4.      Керектүү сумманы киргизүү жана төлөмдү жүргүзүү.

Толуктоо суммасына жараша 2 сомдон 10 сомго чейин комиссия каралган.

Жол кирени кантип төлөө керек?

Эми жол кирени төлөө үчүн «Тулпар» бирдиктүү төлөм картасын атайын аппаратка коюу керек. Жол киренин суммасы автоматтык түрдө алынат. 

Google Play же App Store платформаларынан «Мой О!» тиркемесин орнотуңүз да, «О!Деньги» капчыгы аркылуу коммуналдык кызматтарды, интернет, мобилдик байланышты, айыппулдарды, дүкөндөрдөгү сатып алууларды, кафелердеги эсептерди жана 700дөн ашуун пайдалуу сервистерди төлөңүз.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары:  №2021030817, №3022030817.


Тизмеге кайтуу