Аралыктан окуу бюджеттүү: кайсы тарифти кошуу керек?

04.05.2021

Келип чыккан кырдаалдан улам, Кыргызстандын кѳп мектептери – Таласта, Жалал-Абадда, Чүй облусунда кайрадан аралыктан окууга ѳтүүдѳ.

Дүйнѳ жүзүндѳгү миллиондогон ата-энелер менен окуучулар аралыктан окууга туш келгенден бери бир жыл ѳттү. Эми заманбап смартфон окуучу үчүн сонундук эмес, зарылдык болуп калды. Бюджеттүү жакшы аппаратты O!Store дүкѳнүнѳн табууга болот.

Ошондой эле ал аппаратты ыӊгайлуу тариф менен толуктоо маанилүү. О! түйүнүнѳн «Окуучу» социалдык тарифинин жардамы менен мектеп окуучуларыӊыз бүтүрүү сынактарына даярданып, окуу жылын эӊ жакшы баалар менен аяктай алышат!

1 жумага 95 сомдук же 4 жумага 285 сомдук тарифти тандап алсаӊыз болот.

Окуучуларга арналган бул тарифтерде окуу жана достор менен баарлашуу үчүн керек болгон бардык нерсе – жогорку ылдамдыктагы интернет, ошондой эле:

  • ЧЕКСИЗ WhatsApp, Telegram, Skype, Zoom жана Google Classroom;

  • Видеосабактарды онлайн кѳрүү үчүн О!TV тиркемесиндеги «O!TV Окуу» топтомун АКЫСЫЗ колдонуу мүмкүндүгү;

  • «Мой О!» тиркемесинен электрондук окуу китептер, жүгүртмѳлѳр жана видеосабактар бар «Мектеп» бѳлүмүнѳ, ошондой эле «ЯКласс» билим берүү онлайн-ресурсуна АКЫСЫЗ кирүү мүмкүндүгү;

  • OKU.EDU.GOV.KG, lib.kg, kitep.edu.gov.kg, okuma.kg, moodle.inai.kg, ibilim.kg аралыктан окуу порталдарына АКЫСЫЗ кирүү мүмкүндүгү бар.

Ѳзүӊүзгѳ сак болуӊуз жана тарифти «Мой О!» тиркемесинен аралыктан кошуп алыӊыз. Бул үчүн мектеп окуучуларынын туулгандыгы жѳнүндѳ күбѳлүгү болууга тийиш. Тиркемени кѳчүрүп, «Тарифтер» менюсуна кириӊиз. Ал жерден «Окуу үчүн» категориясын таап, атайы форманы толтуруӊуз. Сиздин ѳтүнмѳӊүз текшерилип чыккан соӊ, тариф катталуу ишке ашырылган телефондун номерине бир күндүн ичинде автоматтык түрдѳ кошулат. Баасы бардык салыктарды эсепке алуу менен кѳрсѳтүлгѳн. Кененирээк маалыматты o.kg сайтындагы «Аралыктан окуу үчүн» бѳлүмүнѳн ала аласыз.

О! Мобилдик оператору – бирге окуйбуз.


Тизмеге кайтуу