Келечектин акылдуу колонкасы – Яндекс.Станция

27.01.2022

Яндекстин акылдуу колонкасы сиз жана үй-бүлө мүчөлөрүңүз үчүн жылдын ачылышы болот. Келечектин буюмуна ээ болгуңуз келеби? Яндекс.Станциянын мүмкүнчүлүктөрүн баалаңыз.

Түзүлүшкө сүйлөшкөндү жана ойногонду жакшы көргөн, көптөгөн суроолордун жоопторун билген, аба ырайы жана жол тыгындары жөнүндө айтып берген, жаңылыктарды окуп берген Алиса добуштук жардамчы кошулган. Ал жамгырдын добушун, деңиздин шарпылдаганын же Яндекс.Музыкадагы миллиондогон тректтерден конкреттүү композицияларын коё алат, жомокторду жана анекдотторду айтып берет.

«Уулум бир жумадан бери, Алисанын шайын оодарды – панда кайда жашайт? Матроскин канчада? Момолойлор кайда кышташат? Менин оюмча, эгерде Алисанын буттары болгондо, ал бизден качып кетмек», – деп ыраазы болгон кардар өз пикирлери менен бөлүшүүдө.

Интернет толугу менен Алисанын карамагында, санариптик энциклопедиялар эле канча турат!

Чоң Алиса LED-дисплейи, үч тилкелүү добушу жана 4 К видеосу менен мактана алат. Төмөнкү, орто жана жогорку жыштыктар сиздин ар бир аспапты угушуңуз үчүн беш башка динамиктен чыгат. Алиса сизге кечинде көрө турган тасманы гана сунуштабастан, аны чоң экрандан көрсөтүп дагы берет. Сизге «Яндекс.Плюс» сервиси менен Кинопоискте миңдеген фильмдер менен сериалдар жеткиликтүү.

Адаттан тышкары нерселерден: акылдуу колонканы үн менен гана эмес жаңсоолор менен дагы башкарса болот. Алисага жагымдуу бир нерсени айтсаңыз – ал сизге көзүн кысып коёт! Андан дагы ал тамашаны көтөрө алат, кээде таарынганды дагы билет, бултуңдап дагы коёт, бирок тез эле жазылып кетет да, бат кечирет.

Өзүн кантип ырастоону Алиса өзү айтып берет. Колонканы розеткага сайган гана жетиштүү – ал дароо ойгонот.

Чоң Алисанын кичирээк «сиңдилери» бар. Алар ар кандай түстө жеткиликтүү. Яндекс.Станцияны айына 589 сомдон баштап бөлүп төлөөгө* сатып алса болот, бирок дароо сатып алган пайдалуу. Колонканын көлөмүнө жараша, Лайт-версиянын баасы 4990 сомду, 2 мини муундун баасы 6990 сомду жана Макс-версиянын баасы 24990 сомду түзөт.

Жаңылыктарды 0705 007 000 телефонунан же ostore.kg сайтынан тапшырык кылсаңыз болот.

*090# буйрутмасы же «Мой О!» тиркемеси аркылуу 90 күнгө «Яндекс.Плюс» сервисинин акысыз мөөнөтүн кошуп алыңыз да, Яндекс.Музыкадан миллиондогон тректерге, Кинопоисктин фильмдери менен сериалдарынын ири коллекциясына, ошондой эле Яндекстин башка сервистеринин кошумча мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуңуз. Сунуш 2022-жылдын 28-февралына чейин жүрөт. Акысыз мөөнөт аяктагандан кийин «Яндекс Плюс» сервисинин баасы айына 179 сомду түзөт. Толук маалымат бул жерде: yandex.o.kg

O!Store – сиздин акылдуу сатып алууларыңыз.

 *Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет, банк аны берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КР УБ лицензиясы: №037. Товардынс аны чектелүү. Товар тастыкталган.


Тизмеге кайтуу