Дем алыш күндөрдө акысыз жана жарнамасыз онлайн эмнелерди көрсө болот?

03.12.2021
Кечкисин көрө турган фильмди табуу эч качан мындай оңой болгон эмес.

О! абоненттери үчүн гана

Яндекс Плюс сервисинин 90 күнгө акысыз байкоо мөөнөтүн *090# буйрутмасы менен же «Мой О!» тиркемеси аркылуу тариздеңиз, Кинопоиск тиркемесин жүктөп алыңыз да, саналуу секунддардын ичинде маанайыңызга ылайык контент тандаңыз. Ал жерде сиз үчүн баары тең ырааты менен – жанрлар, тема, колллекциялар боюнча коюлган.

Эмнени көрөбүз

Фильмди тандоо тез жана оңой – биринчи кезекте бардык учурда талап болгондор жана баарына таанымал тасмалар көрсөтүлгөн. Бактылуу ирмемдер менен аяктаган, стресстен арылта турган тандалмалар, сүйүктүү режиссерлордун жумуштары, жөн гана кооз кино жана көптөгөн кызыктуу нерселер бар! Сервис менен сиз канчалык активдүүрөөк колдонсоңуз жана сиз жактырган контентти белгилеп турсаңыз, ошончолук сиз үчүн жеке сунуштамалар тагыраак болот. Кинопоиск тиркемесинин каталогунда – 8 миңден ашуун фильмдер жана сериалдар: эксклюзивдер, культтук франшизалар, сериалдар, блокбастерлер, даректүү фильмдер жана мыкты сапаттагы балдарга арналган ири бөлүм камтылган. Эгер сиз англис тилин үйрөнүп жаткан болсоңуз, сиз үчүн субтитрлери менен же ансыз фильмдер жана сериалдар бар.

Кайдан көрөбүз

Мунун баарын компьютерден же телевизордон көрсө болот (Smart TV, Apple TV жана Android TV приставкалары менен же PlayStation 4 аркылуу). Ошондой эле кызыктуу нерселерди телефонго жана планшетке жүктөп алса болот. Баса, фильмди тиркемеде көрүп баштасаңыз болот, ал эми уландысын телевзиордон же компьютерден көрө аласыз. Жана ал сиз кайсы жерде токтосоңуз ошол жерден башталат.

Тандайбыз жана кийинкиге калтырабыз

Өлкө, чыккан жылы, жанры же рейтинги боюнча тандаса болот. Кийин көргүңүз келсе, болгону «Көрөм» деген баскычты басуу менен кийинкиге калтырылгандардын тизмесине кошуп койсо болот. Андан кийин керектүү фильмди же сериалды онлайн-кинотеатрдын «Сиз көргүңүз келген» топтомунан таба аласыз.

Үн коштоону жана субтитрлерди тандайбыз

Үн коштоо — киномандар үчүн абдан маанилүү критерий. Кинопоиск ар түрдүү котормо менен бир нече вариантты сунуштайт. Баса, серияны токтоткондо жана телефондон компьютерге же телевизорго өткөндө тандаган тил сакталат, сиз кайрадан башынан ырастабайсыз.

Кадрда ким бар экенин билип алабыз

Тандалган фильмдерде жана сериалдарда чакан бонус бар – DeepDive жүздөрдү таануу функциясы. Тасманы көрүп жатканда паузага басып койсоңуз эле жетиштүү, дароо кадрдагы персонаждардын жана актерлордун аттары терезеде пайда болот, ал эми кээ бир долбоорлордо – персонаждын сыпаттамасы, режиссердун пикири жана кино тартуу учурундагы кызыктуу фактылар дагы чыгат.

Яндекс Плюс сервисинде дагы эмне бар:

Кинопоиск онлайн-кинотеатрына кирүүдөн тышкары, сизде бардык Яндекс.Музыка каталогуна кирүү мүмкүнчүлүгү болот жана башка артыкчылыктар, мисалы, Яндекс.Дискте кошумча мейкиндик жана Яндекс Go тиркемесине тапшырык бергенде «Комфорт» жана «Комфорт+» тарифтери боюнча 10% арзандатуу.

Эгер сиз жазылууну Яндекс сервистери аркылуу же алардын сайтында тариздеген болсоңуз, акысыз мөөнөт аяктагандан кийин, Яндекс Плюс 199 сомдун ордуна айына болгону 179 сом болот. 


Тизмеге кайтуу