Жаңы жылга эмне белек кылуу керек? O!Store дүкөнүнөн 7 идея

20.12.2017

Өтө тездик менен жакындап келе жаткан майрамдык шарданга ылайык бүгүн сиздерге кызыктуу сунуштардын топтомун даярдадык. Жакын адамдарыңарды, мисалы өзүңөрдү кубанта турган арзан жана анча арзан эмес белектердин варианттары бар. Көңүлүңүздөрдү бура турган 7 смартфон – биздин материалда. Сиз кайсынысын тандар элеңиз?

O!Phone 4G PRO – баасы болгону 6 490 сомдук О! Мобилдик операторунун жаңы мыкты смартфону. Чоң эмес, кымбат эмес жана бардык популярдуу функцияларды кармаган кубаттуу аппарат. Жаркыраган экраны жана тез иштеген процессору бар, 2-SIM-карталуу, сизге керектүү нерселердин баарын сактоо үчүн 128 ГБ чейин microSD эстутум картасына ээ. О! Мобилдик операторунан баланска +300 сом

Xiaomi Redmi 4X — жаркыраган 5 дюймдук экраны бар жогорку өндүрүмдүү смартфон. Үндүн жогорку сапаты сизди кубандырса, 4100 мАч батареясы менен минимум 2 күнгө чейин толтурбай жүрө аласыз. Бармак издеринин сканери сиздин файлдарды ишенимдүү сактайт жана болгону 8 900 сомго документтер менен иштөөдөн баштап, сапаттуу фотосүрөттү тартууга чейинки сиздин бардык талаптарыңызды аткара алат. Сатуулардын хити!

Huawei P8 lite 2017 – бул баасы эки эсе арзан, бирок тышкы көрүнүшү менен өзүнөн улуу моделге абдан окшош болгон  флагмандын кичүү “иниси” болуп саналат. 5,2 дюймдук кичине чоңураак дисплейи, саркеч, ичке жана бышык корпусу, сапаттуу камерасы бар. Мыкты өндүрүмдүүлүгү жана жагымдуу ыңгайлуу интерфейси менен мактана алат. O!Store дүкөндөрүндө анын баасы – 13 990 сомов. О! түйүнүнөн кийинки сатып алууларга +1000 сом бонус

Samsung Galaxy A3 (2017) – кооз, компакттуу, бармак издеринин сканери бар  суудан корголгон аппарат. Бул смартфон өзүнүн премиум көрүнүшү жана 16 190 сомдук жагымдуу баасы менен кызык. Компакттуу смартфон (экранынын диагоналы болгону 4,7 дюйм) жакшы мүнөздөмөлөргө ээ. Батареясы боюнча баары жайында: аккумулятору ченеми менен колдонгондо эки күнгө, активдүү колдонгондо бир күнгө ашыгы менен жетет.

LG Q6 – арзан смартфондордун флагмандардан айырмалай турган өзочөлүктөрүн  жокко чыгарган смартфон – анын чектери жок, ал эми абдан чоң экраны компакттуу 5 дюймдук корпуска батат. Акыркы iPhone моделиндей кишини жүзүнөн таануу функциясына ээ. SIM-карталар үчүн 2 слот, азыркы күндө өтө сейрек кездешүүчү эстутум картасы үчүн бөлөк слот бар. Жалпысынан, LG Q6 смартфону премиум-класс смартфондорунун функцияларын, мыкты пайдалануучулук өзгөчөлүктөрүн жана 15 990 сомдук оптималдуу баасын  айкалыштырган. О! Мобилдик операторунун баланска +1000 сом

Samsung Galaxy S8 – суудан, чаңдан корголгон жана кубаттуу процессору бар смартфон. Кеңейүүчү эстутуму фильмдерди, музыканы жана фотосүрөттөрдү чексиз санда сактоого мүмкүнчүлүк берет. Ал эми жаңы сыйымдуу аккумулятору менен аны толтуруу жөнүндө кабатыр болуунун кереги жок. Камералары тиркемелерде кесипкөй кайрадан оңдоп чыгуу үчүн  RAW форматында тарта алат. Бул смартфон аны пайдалангандарга жаңы жаркын маанай тартууларына кепилдик бар, ал эми анын алдыңкы мүмкүнчүлүктөрү абдан такшалган колдонуучуларды да көңүл кош калтырбайт! O!Store дүкөндөрүндө анын баасы – 41 990 сомов.

iPhone 7 – баа категориясындагы эң жогорку тепкичте турган 45 500 сомдук смартфон. Мындан мурункуларга салыштырмалуу, бул аппарат фото жана видео тартуулар үчүн  принципиалдуу жаңы тутумга ээ, суудан жана суу тамчыларынан корголгон, ал максималдуу кубаттуу жана үнөмдүү аккумуляторго, бай добуштук стереодинамикага ээ. Смартфондун дисплейи жаркыраган жана түркүн түстүү. Анын тышкы көрүнүшүнө ички мүмкүнчүлүктөрү дал келет.

Бардык смартфондорду O!Store дүкөндөрүнөн өндүрүүчү-фирманын расмий кепилдиги менен сатып алса болот. Ошондой эле бардык “О!го которул” тарифтеринин чегинде байланыш кызматтарына 50% арзандатуу алуу менен насыяга да жолжоболоштурса болот.Үйгө жеткирүү менен ostore.kg сайтынан же   0705 007 000 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) телефону аркылуу дал азыр тапшырык кыла аласыз.

O!Store – сиздин бактылуу буюмуңуз!


Тизмеге кайтуу