Мурунку үй кожойкеси Кара-Көлдөгү O!Store дүкөнүндө иштөө тууралуу

08.07.2022

О! Мобилдик оператору «Биринчи жактын атынан» аттуу рубрикасынан компаниянын ар кандай өнүгүү этаптарынан өткөн адистердин жеке баяндары менен тааныштырууну улантат.

Таанышып алгыла, Жазира Азизова – катардагы адис болуп баштаган, учурда O!Store’до сатууларды илгерилетүү боюнча менеджер. Анын карамагында Жалал-Абад аймагы боюнча 9 кеңсе бар.

– Кара-Көл шаарында O!Store’догу ачык вакансияга резюме берип жатып абдан толкунданганым эсимде.

Аңгемелешүүнүн бардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн соң, өзүмдү аябай акылдуу сезип, сыймыктангам. Бирок окуунун жүрүшүндө көп нерсени билбегенимди, технологиялардан артта калганымды, алдыда окуп-үйрөнө турган көп нерсе бар экенин аңдап, алган маалыматтардын баарын өздөштүрүүгө аракет кылып жаттым. Компаниянын өзү окутканы да өзгөчө кубандырды.

2_O!Store.jpg

Башында кыйла эле оор болду. Мурда жаш балдары бар катардагы үй кожойкеси болуп жүргөндүктөн жана ири компанияда иштеп көрбөгөндүктөн, мен үчүн бардык нерсе жаңы болду. Өзүмдү Суворовдун «Окууда кыйын болсо, согушта жеңил болот» деген сөздөрү менен жубатып жүрдүм.

Мен үчүн окуунун жана адаптациялануунун эң кыйын этабынан өткөн соң, иштөөдөн ырахат ала баштадым: дайыма кызыктуу адамдар менен баарлашуу, ынтымактуу жамаат, жакшы эмгек акы, бир нече жолу мыкты нерселерди утуп алуума мүмкүндүк берген мотивациялык семинарларга катышуу!

3_O!Store.jpg4_O!Store.jpg

Мен өз ишимди жана абоненттеримди абдан жакшы көрөм, башкаларга деле сезилсе керек. Шаарыбыз чакан эле шаар, баары бири-бирин таанышат. Кээде кардарлар ыраазычылыгын билдирип, кеңсебизге ар кандай тартууларды алып келишет.

Көчөдө жүрсөң алдыңан чыккан кишилер саламдашып, достордой сүйлөшүшөт, тарифтер, телефондор менен түзүлүштөрдүн жаңы келген моделдери тууралуу сурашат. Бирок башкы суроо мындай: «Ушундай активдүү жумуш жана толук график менен иштеп жатып, кантип жакындарыңа да көңүл буруп жетишип жатасың?». Жылмаюу менен «жолдошум жана балдарым дагы активдүү жана энергиялуу – бул биздин жашообуздун ритми!» деп жооп берем. Албетте, ата-энелерибизге да колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн рахмат айтам.

Бардык кишилер сыяктуу эле, мени финансылык туруктуулук кызыктырат. Кара-Көлдө төрөлүп, турмуш курдум. Үй-бүлөм менен туулуп-өскөн шаарымда жашап, балдарымды чоңойтуп тарбиялоом үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берген компанияга абдан ыраазымын. Дал ушул себептен О!го келгем жана такыр өкүнбөйм!

Компанияда иштеген мезгил ичинде бир гана абоненттер менен эмес, кесиптештер менен да жылуу мамиле түзө алдым. Кесиптештер арасында билимдерибиз менен бөлүшөбүз, жумуш учурунда бири-бирибизге жардам беребиз, ал эми жумуштан тышкаркы учурларда бирге убакыт өткөрөбүз.

5_O!Store.jpg

Жумушка жаңыдан киришип жатканда өзүмө «алдыга бийик максаттарды коюудан коркпо» деген кеңеш бермекмин. Өзүн-өзү өнүктүрүү мүмкүндүгүн камсыздаган, колдоо көрсөтүүгө жана багыт берүүгө ар дайым даяр компаниябыз менен жетекчиликтин аракеттерин жогору баалайм. Бул жаңы бийиктиктерди багындырууга түртөт.

Сөзсүз резюмеңерди тапшырып, эч нерседен коркпогула.

O!Store дүкөндөр тармагы сатуу көндүмдөрүнө ээ, кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөгөн, ПК жакшы билген амбициялуу, жоопкерчиликтүү жана көрүнүктүү кызматкерлерди өз командасына алат.

О! Мобилдик оператору төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

•          туруктуу эмгек акы;

•          акысыз мобилдик байланыш;

•          эң сонун атмосфера жана карьералык өсүүнүн перспективалары.

Резюмеңди почтага ➡vacancy@nurtelecom.kg же WhatsApp’ка +996 (700) 000 430 жибер.


Тизмеге кайтуу