Бизнес накталай эмес төлөмдү алуу үчүн «О!Деньги» тутумун тандайт. Эмне үчүн дейсизби?

02.03.2022

Кыргызстандагы бизнестин ээлеринин көпчүлүгү кызматтар менен товарларга төлөмдөрдү алуу үчүн «О!Деньги» тутумун тандай баштады. Бул сервис аркылуу накталай эмес төлөмдөр бүт өлкө боюнча 1700дөн ашуун ар түрдүү жайларда алына баштады. Булар – кафе, дүкөндөр, дарыканалар, лабораториялар, МКБ жана көптөгөн башка жайлар. Төлөмдөр кызматтардын электрондук каталогу, же сатуу жайларында QR-код боюнча ишке ашырылат – бул технологиялык жактан ойлонулган, ыкчам жана онлайн.

«О!Деньги» сервиси бизнеске эмнеси менен ыңгайлуу?

Биз бул суроону төлөм тутумунун артыкчылыктарын баалаганга жетишкен компанияларга бердик.

Бекмуратов Назарбек, «Партнер Нефть» ЖЧК чекене сатуулар бөлүмүнүн начальниги:

««О!Деньги» сервиси – бул технологиялык жактан ойлонулган жана абдан ыңгайлуу өнүм. Ошондуктан ал динамикалуу түрдө өнүгүп, кардардык базасын актидүү түрдө кеңейтип жатат. Биз «О!Деньги» капчыгын керектөөчүлөрүбүздүн ыңгайлуулугу үчүн тандап алдык. Ыкчамдык, тактык жана коопсуздук – бул өнөктөш менен кызматташуунун негизги айырмачылыктары».

«Империя пиццы» ишканалар тармагынын аймактык директору Тимур Шаршенов тутумдун коопсуздугу менен ыңгайлуулугун белгиледи:

««О!Деньги» капчыгы– бул төлөө тутумун колдонуудагы жөнөкөйлүк жана ыңгайлуулук. Башка артыкчылыктарынын ичинде – жеткиликтүү отчеттуулукту, туруктуу иштөөсүн жана коопсуз акчалай операцияларын айтсак болот».

Ошондой эле «Мой О!» тиркемесинин дагы кеңири аудиториясын белгилесек болот – тиркемени 2 миллиондон ашуун жолу жүктөп алышты.

«Биздин көпчүлүк кардарларыбыздын «О!Деньги» капчыгын колдонгондуктарын байкадык. Ошондуктан, алар үчүн сатып алуунун процессин максималдуу ыңгайлуу кылуу үчүн дүкөндөрүбүздө төлөө ыкмасы катары ушул мүмкүнчүлүктү кошууну чечтик. Бизге процесстин толугу менен автоматташтырылгандыгы жана ачык-айкындыгы жагат. Жана эң башкысы, биз бул капчыкты колдонгон кардарларыбыздын сурамдарын канааттандыра алабыз», – деп кошумчалады Goodwill компаниясынын маркетинг боюнча директору Бегимай Абдыжапарова.

Ошентип, «Мой О!» тиркемеси аркылуу төлөмдөрдү онлайн алуу – бул бизнес үчүн бир катар артыкчылыктары менен ишенимдүү жана технологиялык финансылык чечим:

- Кардарлар үчүн бир нече клик менен ыңгайлуу төлөө;
- Тиркеменин колдонуучуларынын кеңири базасы;
- Акча каражаттарын компаниянын эсебине өз убагында жана ыкчам которуу;
- Ачык-айкын онлайн отчеттуулук;
- Ыкчам кошуу.
Кантип «О!Деньги» төлөм тутумунун өнөктөшү болсо болот?

Биз менен болгону 0700 000 195 номери аркылуу байланышыңыз.

«О!Деньги» – кардар үчүн ыңгайлуу, бизнес үчүн пайдалуу! 

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817



Тизмеге кайтуу