O!Store дүкөндөрүндө Акция: болгону 1 гана сомго телефон жана акысыз байланыш !

07.12.2018

Бир гана күн – 2018-жылдын 9-декабры!

Акысыз SIM-карта менен акысыз байланышты, ошондой эле болгону 1 гана сомго эки симкалуу Jinga телефонун алуу мүмкүнчүлүгүн берген, баарынын көңүлүнө жаккан Акция бул жекешемби күнү Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ош жана Талас облустарында өтөт жана тургундарды кубандырат.

1 сомго телефонду белекке алуу менен Акциянын катышуучусу төмөнкүлөргө дагы ээ болот: 

  • Бир ай акысыз мобилдик интернет менен О! түйүнүндө акысыз байланыш;

  • О! түйүнүнүн премиум категориясындагы каалаган номерин -50% АРЗАНДАТУУ менен тандоо мүмкүнчүлүгү!

Белекке ээ болуу үчүн Beeline же MegaCom коду менен өзүнүн номеринен 0702 702 772 номерине чалуу жана тутумдун оң жообун алуу керек. Символикалуу баасы 1 сом болгон телефонду алуу үчүн болгону бир шартты аткаруу зарыл – бир жолку төлөм аркылуу балансты 500 же андан ашык суммага толуктоо.

О! кеңсесине же O!Store дүкөнүнө кайрылган учурда, өзүнүн ким экенин күбөлөндүргөн документин жанында алып жүрүү керек (паспорт, айдоочу күбөлүгү же аскердик билет).

Түзүлүштөрдүн саны чектелүү.

Бул Акция жүрө турган O!Store дүкөндөрүнүн тизмеси:

Жалал-Абад облусу: Ала-Бука, Кара-Куль, Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Токтогул, Шамалдысай, Кочкор-Ата, Сузак шаарларында, ошондой эле Кербен, Массы-Ноокен, Базар-Коргон айылдарында жана Жалал-Абад шаарында Тиричилик үйүнүн 1-кабаты, Ленин көч., 34 жана Ленин көч., 40 дарегиндеги ЦУМда;

Баткен облусу: Баткен, Исфана, Кызыл-Кыя шаарларында, ошондой эле Кадамжай, Үч-Коргон айылдарында;

Чүй облусу: Кара-Балта шаарында жана Сокулук, Александровка, Беловодское айылдарында;

Ош облусу: Дароот-Коргон айылында;

Талас облусу: Талас шаарында Оторбаев көч., 331 жана Манас көч., 185 дарегинде, ошондой эле Бакай-Ата, Кызыл-Адыр, Покровка айылдарында.

 

 


Тизмеге кайтуу