Эң мыкты камерасы бар 7 смартфон. O!Store дүкөнүндөгү мыктылар

26.02.2018

Өндүрүүчүлөрдүн мыкты камераларды өз моделдик катарынын флагмандарына коюп жүргөндөрү жашыруун эмес, бирок акыркы учурда бюджеттик смартфондор да мыкты сүрөт тартуу мүмкүнчүлүгү менен бизди таң калтыра баштады. Биздин рейтинг O!Store дүкөндөр түйүнүнүн кадимки кардарларынын ой-пикирлеринин негизинде, күндө жаныңызда алып жүрүүчү “сүрөтчүнү” тандоого жардам берүү үчүн түзүлдү. Бардык смартфондорду байланыш кызматтарына 50% арзандатуу менен насыяга сатып алууга мүмкүн. 

10 000 сомго чейинки кымбат эмес смартфондор

  • O!Phone 4G PRO фирмалык смартфону 8Мп уруксаты бар мыкты селфи-камерасы менен мактана алат. Сырткы камерасы ошондой эле көрсөткүчтөргө ээ. Бул смартфондогу мыкты фотосүрөттөрдүн сыры – жакшы жарык берүүсүндө. Бардык сүрөттөр мыкты сапатта тартылат. Баасы – айына 598 сомдон. ТОлук баасы 6490 сом.

  • Xiaomi redmi 4X смартфонунда тез фазалык автофокусу бар негизги 13 Мп камера жана селфи үчүн камера орнотулган. Асмандан жылдыз жаасын деп күтпөсөң, бюджеттик аппарат үчүн фотосүрөттөр татыктуу сапатка ээ. Автофокус тез жана так иштейт, ак түстүн балансы көпчүлүк учурларда туура аныкталат, фотосүрөттөр жетишерлик түрдө ачык жана контрасттуу тартылат. Насыялык баасы – айына 812 сомдон. Толук баасы 8 900 сом.

  • Xiaomi Redmi Note 5A Prime – бул модель бюджеттик баа менен болгону 9800 сомго негизги 13 МП камерасына жана вспышкасы бар болгондо да 16Мп маңдайкы селфи-камерасына ээ . Смартфон жарык жетишсиз болсо дагы мыкты сүрөттөрдү тарта алат. Күндүз тартылган сүрөттөрдү көргөндө ырахат аласың! Насыялык баасы – айына 890 сомдон.

20 000+ баалык категориясы

Samsung Galaxy A5 (2017) смартфону f/1,9 жарык кубаттуулугу бар эки 16 МП камералар менен жабдылган. Негизги камера татаал сценаларга жооп берет, түстөрдү мыкты берет, күчтүү детализацияга ээ, макросүрөттү дагы, пейзаждарды дагы жакшы тартат. Кенен диафрагма караңгыда да жакшы кадрларды кармоого шарт түзөт, ал эми сапаттуу селфи сүрөттөрдү бардык автопортреттерди сүйүүчүлөр баалай алышат. Насыялык баасы –  айына 1 850 сомдон. Тоулк баасы 20 590 сом.

Флагмандардын мыкты камералары: 

  • Huawei P10 смартфонунун камерасы эки фотомодулдан турат: биринчиси 12 Мп жана түстүү сүрөттү сактайт; экиничиси – 20Мп жана ал кара-ак түстөрдү сактайт. Автоматика көз ирмегенче экөөнү тең бириктирет да, мыкты түстүк чагылдыруу менен тартылган кадрларды берет. Күн тийип турганда, түнкүсүн, жарыктын бир топ булактары бар шарттарда тартылган сүрөттөр эң мыкты сапатта тартылат. Бул смартфон менен  фотоаппаратты абсолюттук тактыкта алмаштырсаңыз болот, анткени ири техникалык жана чыгармачылык потенциалга ээ.  Баасы – айына 3 396 сомдон. Толук баасы 37 900 сом.

  • Samsung Galaxy Note 8 смартфонунун негизги камерасы кош компановкага ээ.  Сол жагында негизги объектив, оң жагында кеңири бурчтуу объектив . Эки матрица тең 12-мегапиксель, бирок экөөнүн дүйнөгө караган бурчу, ошондой эле биринчи камерада f/1.7, экинчи камерада f/2.4 болгон диафрагмалар менен да айырмаланып турушат.  Эки объектив тең оптикалык стабилизация менен жабдылган. Бул смартфон менен кооз көркөм фотосүрөт тартса болот. Ошондой эле, кыймылдуу объектилерди тартууга боло турган спорттук режимге ээ, сүрөттөрдөн анимациялык  GIF-файлдарды жасоо мүмкүнчүлүгү бар! Баасы – айына 4 996 сомдон. Толук баасы 55 900 сом.

  • LG V30+ смартфону Android-смартфондорунун рыногунда алгачкы болуп фото жана видеону тарткандан кийин иштеп чыгуу үчүн алдыңкы программалык камсыздоого ээ болгон. Мындан тышкары, өндүрүүчү өз флагманынын камерасын профессионалдык фотоаппараттарды колдонуу менен сүрөткө тартуунун имитациялаган бир топ  фильтрлер менен жабдыган.  Мисалы, Point Zoom  функциясы менен голливуддук кесипкөй операторлордун тарткан видеосундай болуп, сизге керектүү объектиге жай-салмактуу жана контролдоочу масштабдоо жүрөт. Бул жерде сүрөттүн оптикалык стаибилизациясы менен негизги 16 Мп камера колдонулат. Кошумча кеңири бурчтуу камерасынын 13 Мп сенсору бар. Насыялык баасы – айына 5 351 сомдон. Толук баасы 59 990 сом.

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.

 


Тизмеге кайтуу