Смартфондор менен девайстарды O!Store’дон сатып алуу үчүн 7 себеп

10.04.2023

Быйыл O!Store дүкөндөр тармагы 7 жашка толуп жатат жана Сиздерге девайстар менен мобилдик түзүлүштөрдү дал ушул жерден сатып алуу үчүн 7 себепти көрсөтөбүз.

  1. Смартфондордун кеңири ассортименти: O!Store – арасында Samsung, Apple, Huawei, Xiaomi, POCO, Tecno, Infinix, Realme, Honor, Itel жана башкалар болгон белгилүү бренддердин расмий өнөктөшү;

  2. Үй тиричилигине арналган түрдүү акылдуу түзүлүштөр менен аксессуарлар: жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетке туташуу үчүн керектүү буюмдар: роутерлер, винглдер, үй-бүлөлүк топтомдор бар. Мобилдик түзүлүштөр үчүн 2 миңден ашуун аксессуар түрлөрү: кабелдер, өткөргүчтөр, адаптерлер, акустикалык колонкалар жана легендалуу JBL брендинин кулакчындары, RivaCase немец компаниясынын ультрамодалуу сумкалары, бананкалары жана рюкзактары, портативдүү заряддоочу түзүлүштөр, «Акылдуу үй» тутуму үчүн түзүлүштөр жана көптөгөн башка буюмдар;

  3. Жеткиликтүүлүк: Кыргызстан боюнча O!Store дүкөндөр тармагынын 113 филиалы бар. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын ичинде акысыз жеткирүү кызматы иштейт. Смартфонду ostore.kg сайтынан тандап, 0705007000 телефону аркылуу буйрутма бериңиз да, бул үчүн БОНУС катары кошумча +20 ГБ интернет алыңыз;

  4. 24 айга чейин ийкемдүү бөлүп төлөө: көңүлүңүзгө жаккан буюмду азыр жана ушул жерден алып, пайызсыз жана ашыкча төлөмсүз азыраак суммаларга бөлүп төлөңүз;

  5. Пайда: дайыма өткөрүлүп туруучу акциялар менен майрамдык арзандатуулар каражаттарыңызды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Кардарларыбыз жүздөгөн белектерди алышты, алдыда кызыктуу дагы көп нерсе бар;

  6. Ишенимдүүлүк: расмий сатуучулардын тастыкталган товарлары + өндүрүүчүдөн кепилденген тейлөө;

  7. Сапаттуу сервис: O!Store консультанттары – квалификациялуу профессионалдар жана мобилдик байланыш тармагындагы маселелерди чечүү боюнча чыныгы чемпиондор. Сизге смартфондун керектүү моделин тандоого, ыңгайлуу тарифти кошуп алууга жана башка көптөгөн маселелерди чечүүгө жардам беришет.

O!Store командасы көрсөткөн ишенимдери үчүн кардарларына терең ыраазычылык билдирет. Биз сиздердин ар бириңиздерди жогору баалайбыз жана эң мыкты сервис менен кубандырууну уланта бермекчибиз!

O!Store – күнүмдүк жашоо үчүн акылдуу чечимдердин дүкөнү.

Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КР УБ № 037 лицензиясы. МБТМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК №16-0062-КР, №16-0063-КР.


Тизмеге кайтуу