14 өлкөдө О! операторунун роумингинде 1 МБ – 1 СОМ! Эми Бельгия менен Люксембургда

01.02.2022

О! Мобилдик оператору Европанын дагы эки оператору менен өнөктөштүк келишимин түздү – эми Бельгиянын Proximus түйүнүндө жана Люксембургдун Tango түйүнүндө роумингдеги 1 мегабайт 1 сом турат.

Чет өлкөдөгү жакындарыңыз жана туугандарыңыз менен өз номеринде байланышта болуңуз. Интернет-роумингде «1 МБ за 1 сом» тарифи төмөнкү өлкөлөрдө төмөндөгү түйүндөрдө да иштейт:

  • Казакстан - бардык операторлорунун түйүндөрүндө;

  • Россия - МегаФон, Tele2 жана Beeline RU;

  • Армения - Beeline AM;

  • Түркия - Turkcell;

  • Кытай - China Mobile;

  • Өзбекстан - Ucell;

  • Сауд Арабиясы - Saudi Telecom Company;

  • Таиланд - True Move;

  • Вьетнам - Viettel;

  • Украина - Vodafone;

  • Испания - Xfera;

  • Беларуста - MTS жана BeST.

Чет өлкөдө байланышта болуу үчүн азыр акысыз кошуп алыңыз. Кызмат эч кандай абоненттик төлөмдү талап кылбайт, оператордун кеңсесине дагы баруунун кажети жок, акысыз*997# буйрутмасын терүү гана жетиштүү.

«Интернет-роуминг» топтомдору менен сиз дагы 10% үнөмдөйсүз:

  • «Интернет-роуминг 50 МБ». Кошуу: *997*50# (45 сом);

  • «Интернет-роуминг 100 МБ». Кошуу: *997*100# (90 сом);

  • «Интернет-роуминг 250 МБ». Кошуу: *997*250# (225 сом).

О! Мобилдик оператору саякатчылар үчүн мобилдик баарлашууну максималдуу түрдө пайдалуу жана ыңгайлуу кылууга аракетин жасап келет. Техникалык колдоо күнү-түнү иштейт жана кыргызстандыктарга алар каякта болбосун ырастоолоруна жардам берүүгө даяр. Роумингдеги абоненттер атайын буйрутмаларды терүү менен бардык маселелерди акысыз чече алышат.

роумниг 1 КГ.png

Чалуулар, SMS же интернет боюнча суроолор пайда болгон учурда WhatsApp 996 705 700 700 номери боюнча онлайн-кеңеш берүү жеткиликтүү.

Чет өлкөдө жүргөндө Wi-Fi же баланста каражат жок болуп калган учурда, роумингдеги акысыз SMS-билдирүүлөрдүн жардамы менен жакындарыңызга баары жайында экендиги тууралуу кабар бере аласыз.  

roaming-ussd-kg.png

О! Мобилдик операторунун роуминги чек араларды өчүрөт!

Кошумча маалыматты www.o.kg сайтындагы «Интернет-роуминг» бөлүмүнөн тапса болот.


Тизмеге кайтуу