«О!Деньги» капчыгын колдон да, Hyundai Santa Fe автоунаасын же iPhone XR смартфонун утуп алууга шанс алыңыз

11.03.2019

«Мой О!» мобилдик тиркемесин колдонуучуларын ыңгайлуу функционалы менен гана кубандырбастан, баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү менен дагы кубандырат! 11-мартта «Мой О! — менин ийгилигим» аттуу укмуштуудай лотерея старт алды, анын алкагында «Мой О!» тиркемесинин колдонуучулары 40 iPhone XR смартфонун жана баш байге – максималдык комплектациядагы 2018-жылдын Hyundai Santa Fe автоунаасын утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ойнотууларга катышуу үчүн «Мой О!» тиркемесин орнотуп алуу жетиштүү, кызматтар үчүн «О!Деньги» ыңгайлуу электрондук капчык аркылуу төлөм жүргүзүп, ар бир төлөм үчүн лотереялык билеттерди алса болот. Төлөмдөр канчалык көп болсо, утуп алуу шансы да ошончолук арбын болот!

Лотереялык билеттер идентификациядан өткөндүгү, катталгандыгы жана картаны капчыкка кошкондугу үчүн эсептелинип турат.

Эки ай бою тиркеменин колдонуучулары 40 iPhone XR смартфондору ойнотула турган апталык ойнотууларга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Алгачкы беш смартфон 18-мартта ойнотулат. Лотерея 13-майда баш байгени — Hyundai Santa Fe автоунаасын  ойнотуу менен аяктайт.  Жеңүүчүлөр кокустук сандардын генератору тарабынан атайын комиссиянын жана бардык каалоочулардын катышуусунда аныкталат.

«Мой О!» тиркемесин жүктөп ал да, өз ийгилигиңди кармап кал!

Лотереянын расмий өнөктөшү  —  Hyundai Центр Кыргызстан.

Лотереянын шарттары тууралуу толук маалымат https://o.kg/udacha/ сайтында жайгаштырылган.

* өткөрүү мөөнөтү 11.03.19ж. баштап 13.05.19ж. чейин. Мамфинкөзөмөл уруксаты №86 22.02.2019. iPhone XR смарфтондору тастыкталган. Hyundai Santa Fe 2018 КР рыногу үчүн максималдуу комплектацияда. «О!Деньги» кызматы ОсОО «Грин Телеком Сервис» тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмесинин алкагында кѳрсѳтүлѳт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.

 


Тизмеге кайтуу