О! өзүнүн 15 жылдыгын белгилөө менен абоненттерине белектерди тартуулайт!

04.03.2024

2009-жылдын 3-мартында О! Мобилдик оператору Бишкек шаарында алгачкы абоненттерин кошкон, бүгүн болсо, Кыргызстандын мобилдик рыногунун лидеринин статусунда туулган күнүн белгилеп отурат.

Ностальгияны пайда кылган алгачкы тунук сим-карталар абоненттердин азыркыга чейин эсинде экендиги таң калтырат. Көп колдонуучулар соцтармактардан бири-бирине жүрөктүн формасындагы логотип менен таризделген симкаларды белек кылгандары, сүйүшкөндөр күнү-түнү токтоосуз сүйлөшкөндөрү тууралуу баяндар менен бөлүшүүдө. Себеби акысыз баарлашуу О! түйүнүнөн гана жеткиликтүү болчу. Бүгүн миллиондогон адамдар «Туулган күнүң менен, сүйүктүү ОШКА!» деп айтышат.

О! түйүнү кыргызстандыктардын максималдуу санына өлкө боюнча жеткиликтүү жана сапаттуу мобилдик байланышты камсыздоо жөнүндөгү идеядан башталган. Биз муну ишке ашыра алдык!

3.jpg

№1 Мобилдик оператор!

Ишке киргенден бери базалык станцияларынын саны боюнча түйүн 50 эсе чоңойду. Алгачкы жолу О! Мобилдик оператору 4G LTE түйүнү менен жалпы калкты камтууну 2019-жылы ишке ашыра алган. Ал учурда техникалык команданын зор эмгегинин жана «НУР Телеком» компаниясынын сапаттуу жабдууларга жумшаган инвестицияларынын натыйжасында Кыргызстан бул көрсөткүч боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен лидерлик позицияга жете алган. Ошондон бери О! түйүнү – өлкөнүн калкын камтуусу боюнча биринчи орунда турат.

О! базалык станцияларды куруу темпин сактап гана турбастан, күн санап көбөйтүүдө. 2023-жылы 230дан ашуун жаңы байланыш объектиси курулуп, ишке киргизилди, 1000ден ашуун байланыш объектиси модернизацияланды. Натыйжада түйүндүн сыйымдуулугу былтыркы жылга салыштырмалуу 30%га өскөн. Бүгүнкү күндө өлкөнүн жалпы аймагында оператордун түйүнүндө 2350дөн ашуун сайт иштеп, аларга 4G/3G/2G технологияларындагы 6450 базалык станция орнотулган.

Инновациялык 4G түйүнүнүн тездетилген курулушу анын базасында кардарлардын муктаждыктарына максималдуу деңгээлде жооп бере алган сервистер менен тарифтердин ири экотутумун пайда кылууга мүмкүндүк берди. Булардын баары О! түйүнүнүн абоненттердин саны жана кирешелердин көлөмү боюнча Кыргызстандын алдыңкы катардагы мобилдик операторуна айланышына өбөлгө болду. Азыркы учурда О! операторун 3,4 миллиондон ашуун абонент тандаган, ал эми телеком-кирешелер боюнча үлүшү КРнын мобилдик рыногунун 50%ынан көбүн түзөт.

Иштеген - тиштейт… салыктарды төлөйт

Формула абдан жөнөкөй – О! түйүнүн канча көп абонент колдонсо, компания өлкөнүн бюджетине ошончолук көп салык төлөйт. Андыктан ар бир О! абоненти жөн гана телефон аркылуу сүйлөшүү менен сүйүктүү Кыргызстаныбыздын өнүгүүсүнө салым кошуп жаткандыгы менен сыймыктанса болот. 

О! («НУР Телеком» ЖЧК) бир нече жыл катары менен өлкөнүн ТОП-10 ири салык төлөөчүлөрүнүн катарында келет жана бардык операторлордун ичинен салык мыйзамдарын сактоо менен бюджеттин киреше бөлүгүнүн толукталышына олуттуу салым кошууда. 15 жылдан бери компания өлкөнүн бюджетине салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча туруктуу өсүү жолунда. Бул жаатта акыркы 6 жылдын ичинде техникалык жактан өнүгүүнүн натыйжасында кескин жогорулоо болду. Күн санап сапат менен инновацияларды тандаган абоненттердин саны өсүүдө. 2023-жылы О! мамлекеттик казынаны рекорддук суммага – 3,752 миллиард сомго толуктай алды!   

график-по-налогам_кг.png 

О! баарын бириктирет

О! өлкөнүн жети аймагындагы 97 бөлүмдү өз ичине камтуу менен 2000 миң кишини жумуш менен туруктуу камсыздап турат. Жамаатта жыл сайын «Бак отургуз» акциясы салтка айланган. Бул акция өткөрүлө баштаган жылдардан бери жүздөгөн бак-дарактар менен бадалдардан бүтүндөй токой пайда болду. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, пандемия учурунда мамлекеттик мекемелерге жана медицина кызматкерлерине жардам көрсөтүүгө багытталган долбоорлордун алкагында жүздөгөн кайрымдуулук иштери жасалды.

6.jpg7.jpg8.jpg

Баардык нерсенин ордуна смартфон

15 жыл мурун биз SMS-билдирүүлөрдү күтүп, мобилдик байланыш аркылуу баарлашуунун ар бир секундасын жогору баалачубуз. Азыр болсо уюлдук байланыш аркылуу бир нече саат бою акысыз сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээбиз. Бүгүнкү күндө үйдөн чыгып бара жатканда смартфонду эле жаныбызга алып алуу жетиштүү. Капчык да, документ да албай эле койсок болот. Азыр смартфон – бир гана байланыш каражаты эмес, жаранды идентификациялоо каражаты, капчык, арзандатуу картасы, учакка отургузуучу талон, ал тургай кондиционерди же сигнализацияны башкаруу түзүлүшү катары дагы кызмат кылат.

Бир эле «Мой О!» тиркемесин орнотуп алуу менен дүкөнгө барып, «О!Деньги» капчыгы аркылуу жүздөгөн товарлар менен кызматтарды төлөсө, банк картасынан акча которууларды ишке ашырса же аларды кабыл алса, «О!Маркеттен» бир нерсе сатса же сатып алса, О!Бонустарга ээ болуп, алар менен товарларды, кызматтарды же О! байланышын төлөсө болот.

10.jpg

Татаалды жөнөкөйлөтөбүз

О! колдонулушу жөнөкөй жана баарына жеткиликтүү болгон татаал инновацияларды ишке ашырып келет. Заманбап технологияларды колдонуу менен, биз калкка алардын жашоосун жеңилдеткен жана баарлашуудан ырахат тартуулай турган мүмкүнчүлүктөрдү жаратабыз. 

Заманбап сервистер менен сүйүктүү тиркемелерибиз барган сайын мобилдик интернеттин жогорку ылдамдыктарын талап кылууда. Кыргызстандагы алдыңкы катарда келген мобилдик оператордун башкы милдети – өлкөнүн бардык жеринде сапаттуу мобилдик байланыштын болуусун камсыздоо.

Алдыга гана умтулабыз!

Мындан ары кайда? Алдыга гана! Биз 15 жыл – бул башталышы эле деп эсептейбиз. Биз үчүн ишенимдүү башталыш, ал эми алдыда – сапаттуу байланыш менен интернетке муктаж сүйүктүү өлкөбүз үчүн эң ылдам, технологиялуу жана заманбап мүмкүнчүлүктөр.

Азыркы тапта компания абоненттеринин арткан үмүттөрүнө жооп бериш үчүн, алардын сапаттуу байланыш менен инновациялык сервистерге болгон муктаждыктарын канааттандырыш үчүн жаңы 5G технологиясын ишке киргизүүгө толугу менен даяр.

12.jpg

Абоненттерге белектер

Кооз датанын урматына О! мобилдик оператору популярдуу «Переходи на О!» тарифтеринде интернеттин көлөмүн эки эсе көбөйттү. Буга кошумча О! операторуна көрсөткөн ишеним жана лоялдуулук үчүн абоненттеринин баарына тандоолоруна жараша белектерди тартуу кылат! Белек алыш үчүн жаңыланган «Мой О!» тиркемесине кирип, өзүңүзгө жаккан нерсени тандаңыз!

Толук маалымат o.kg сайтында.

«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лицензиялары.


Тизмеге кайтуу