Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору жаңы базалык станцияларды ишке киргизүүнү жана мурун иштеп жаткандарды модернизациялоону улантууда. Азыркы учурда О! операторунун 4G технологиясы боюнча жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет кызматы Кыргызстандын 95%ынан ашуун калкына жеткиликтүү болуп калды.
Өткөн жумада аткарылган жумуштар иштеп жаткан LTE- тармагынын өзгөчөлүктөрүн жакшыртууга шарт түздү – анын өткөрүмдүүүлүк жөндөмү көбөйтүлдү жана маалыматтарды берүү ылдамдыгы жогорулатылды. Интернет тармагынө кирүү ылдамдыгын көбөйтүү компаниянын абоненттерине төртүнчү муундун жогорку ылдамдыктагы интернети менен жайлуу пайдаланууларына, ошондой эле "оор" контентти жүктөөлөрүнө, фильмдерди онлайн көрүүлөрүнө жана видеочалууларды жүргүзүүлөрүнө шарт түзөт.
Жаңыртылган тармак төмөндөгү калктуу конуштарды камтыйт:
Чүй облусу: Бишкек, Токмок шаарларында, Аламүдүн районундагы Илимдер академиясынын аймагында, Кашка-Суу, Гроздь, Бирдик, Ийри-Суу, Беловодское айылдарында;
Ысык-Көл облусу: Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында жана Өрнөк, Ак-Суу (Теплоключенка), Бостери, Булан-Сөгөттү (мурунку Комсомол), Ак-Булуң, Саруу, Тамчы, Григорьевка, Ананьево, Сары-Ой.
О! Мобилдик оператору – 2014-жылы биринчилерден болуп кыргызстандыктарга 4G LTE стандартындагы жогорку ылдамдыктагы маалыматтарды өткөрүү боюнча эң жаңы технологиялар менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн берген өлкөнүн ири оператору болуп саналат.
Лидерден 4G сигналын күйгүз!
О! тармагынын камтуу картасы www.o.kg сайтында "Тармак камтыган аймак" бөлүмүндө жеткиликтүү.

О! операторунан лимитсиздик! 500 сом болчу – азыр болгону 350 сом!

Досуңду алып кел – 200 сом ал, ал эми досуң – 200 сом + 200 ГБ алат!

Кош бонус каалайсызбы: 200 ГБ + 200 сом? O!Bank + О! операторуна өтүңүз!

О! операторунан 4 жумага 230 сомго жаңы «СуперХит» тарифи.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар