Келечектин SIM-картасы – eSIM
eSIMди акысыз кошуп алыңыз
Түзүлүштөрү eSIM технологиясын камтыган абоненттер 2022-жылдын 5-октябрынан тарта инновацияны O!Store дүкөндөрүнүн баарынан же «Мой О!» тиркемесинен кошо алышат.
eSIM – смартфонуңуз эки симкалуу болбогон учурда да, айрым iPhone моделдери сыяктуу экинчи симканы колдонуу үчүн эң сонун мүмкүндүк. Технология трекер, ноутбук жана башка «акылдуу үй» түзүлүштөрүн (сигнализациялар, датчиктер, видеокамералар, тиричилик техникасы ж.б.) колдонгондор үчүн абдан ыңгайлуу.
- eSIM – ошол эле SIM-карта, бирок пластиги жок. Андан чалууларды аткарууга, интернетке кирүүгө болот, башкача айтканда көнгөн аракеттериңиздин баарын аткара аласыз;
- Иш жана жеке жашоо үчүн керектүү ар башка номерлер, аларды биринен экинчисине оңой которуу;
- 5 мүнөттүн ичинде эле кошуп алуу!
eSIMдин башкы артыкчылыктарынын бири – коопсуздук. Смартфон уурдалган учурда аны колдоно алышпайт, себеби түзүлүшкө жаңы профиль жүктөө жана эскисин өчүрүү мүмкүндүгү виртуалдуу SIMдин ээсинде гана бар. eSIM телефондон чыкпайт, андыктан смартфон уурдалган учурда да кылмышкер аны колдоно албайт.
Өзүңүзгө О! түйүнүнөн ыңгайлуу төлөө формасы менен – жума сайын же дароо 4 жумага төлөнүүчү ыңгайлуу тариф тандап алыңыз. Смартфондор үчүн О! түйүнүндө акысыз байланыш каралган үнөмдүү топтомдордон баштап мобилдик ТВ жана кинотеатрлары менен чексиздикке чейин атайы сунуштарды, роутерлер менен модемдер үчүн тарифтерди, пайдалуу үй-бүлөлүк топтомдорду, ошондой эле акылдуу түзүлүштөр үчүн варианттарды таба аласыз.
eSIM деген эмне?
eSIM технологиясы (Embedded SIM – «орнотулган SIM-карта») – өндүрүш этабында түзүлүшкө орнотулуучу 6х5 мм өлчөмүндөгү кенедей микросхема болуп саналат. Ал орнотулбайт да, чыгарылбайт. Жаңы QR-кодду окуу жолу менен жаңы маалыматты жүктөө гана жетиштүү болот.
eSIM кимге керек
- eSIM-картанын функционалын бир нече номерлери бар абоненттер толук баалай алышат – бул жаңылык эки смартфон көтөрүү муктаждыгынан арылтат. Мында абонент SIM-картанын форматы (mini, micro, nano) тууралуу кабатырланбайт;
- Бул технология Internet of Things (Буюмдардын интернети), трекер-түзүлүштөр, ноутбуктар, ошондой эле «акылдуу үйлөрдүн» компоненттери деп аталагн (сигнализация, датчиктер, видеокамералар, үй-тиричилик техникасы ж.б.) үчүн да келечектүү.
- Эң башкы артыкчылыктарынын бири – смартфондордун ээлери үчун коопсуздук болуп саналат – түзүлүш уурдалып кеткен учурда түзүлүштү кайрадан ишке киргизүү процесси татаалданат. Виртуалдык SIM картанын ээси гана түзүлүшкө жаңы профилди жүктөп, эски профилин өчүрө алат. Эгерде смартфонду уурдап кетишсе, кылмышкер үчүн анын баалуулугу жоголот. Телефондон eSIM-карта чыгарылбайт, андыктан түзүлүштү өз максаттарына колдонууга мүмкүн болбойт.
O!Store дүкөнүнөн eSIMди кантип кошсо болот?
- Сизде eSIM менен иштеген смартфон болушу керек. Моделдердин тизмеси менен төмөн жактан таанышып чыгыңыз.
- Каалаган O!Store дүкөнүнө паспортуңуз менен келип, eSIMди активдештирүү үчүн уникалдуу QR-код алыңыз.
- O!Store дүкөндөрүнүн баарында eSIM кошуу – АКЫСЫЗ. Каалаган O!Store дүкөнүнө паспортуңуз менен келип, eSIMди активдештирүү үчүн уникалдуу QR-код алыңыз.
«Мой О!» тиркемесинен eSIM кантип кошулат?
- Сизде eSIM менен иштеген смартфон болушу керек. Моделдердин тизмеси менен төмөн жактан таанышып чыгыңыз;
- «Мой О!» тиркемесин ачыңыз
- Экрандын төмөн жагынан «О! абоненти болуу» дегенди тандаңыз;
- «Баштоо» баскычын басыңыз;
- Тандап алган номер жана тариф боюнча кызмат көрсөтүү шарттарына ылайык персонификациялоо процедурасынан өтүңүз;
- eSIMди активдештирүү үчүн уникалдуу QR-код алыңыз. Мой О! тиркемесинен eSIM кошуу - АКЫСЫЗ.
eSIMди кошкондон кийин байланыш кызматтарын Кыргыз Республикасынын аймагынан активдештирсе болот.
eSIMди чет өлкөлүк жарандар да ала алат.
eSIM технологиясы менен иштеген түзүлүштөрдүн моделдери:
! eSIMди бул технология иштеген түзүлүшкө кошуу мүмкүн эмес. eSIM салынбайт же «кошулбайт», eSIM менен иштей турганы түзүлүшүңүздүн спецификацияларында көрсөтүлүшү керек.
eSIMди кантип активдештирсе болот?
- Түзүлүштүн «Ырастоолоруна» кириңиз;
- «Уюлдук байланыш» же «Мобилдик маалыматтар» бөлүмүн тандаңыз;
- «Уюлдук байланыш» же «Мобилдик маалыматтар» бөлүмүн тандаңыз;
- Түзүлүшүңүздүн жардамы менен QR-кодду сканерлеңиз.
Көңүл буруңуз!
- eSIM картанын QR-коду – бул сиздин номериңизге мүмкүндүк алуу. QR кодду эч кимге бербеңиз жана номериңизге мүмкүндүк алуудан ажырап калбаш үчүн аны активдештиргенге чейин сактаңыз.
- PIN жана PUK мүмкүндүк алуу коддорун эч кимге, ал тургай eSIMди активдештиргенден кийин дагы бербеңиз.
- Түзүлүштөн eSIMди алып салган же ырастоолорду баштапкы абалга келтирген учурда номерге мүмкүндүк алууну калыбына келтирүү үчүн QR кодду сактап коюңуз.
eSIMди туура кошуу же калыбына келтирүү үчүн Wi-Fi же түзүлүштөгү башка SIM-картанын мобилдик маалыматтары аркылуу интернет түйүнүнө туташыш керек.
eSIMди жүктөө жана күйгүзүү процесси аяктаганга чейин түзүлүштү интернеттен ажыратпаңыз – кээде процесс жай жүрүшү мүмкүн.
eSIM профилин бир эле түзүлүшкө 10 жолуга чейин көчүрсө болот.Эгер түзүлүш алмашкан болсо, анда жакынкы тейлөө кеңсесине кайрылыш керек