Кыргызча
24 июня 2026

Акыркы жаңылыктар

Бир экран: жакындарың, машинаң жана үйүң – баары көзөмөлдө

Бир экран: жакындарың, машинаң жана үйүң – баары көзөмөлдө

«Мой О!» тиркемесиндеги «Менин номерлерим» акысыз кызматы сизге тынчтыкты сактап берет.

«Мой О!» тиркемесиндеги «Менин номерлерим» акысыз кызматы сизге кантип тынчтыкты сактап берет.

Тааныш жагдайбы?

• Апамдын телефону унчукпай калды...                                                                                                                     

• Машинанын сигнализациясы билдирүү бербей калды...

• Дачадагы видео байкоо камерасы күтүлбөгөн жерден офлайн болуп калды...

 

Көпчүлүк учурда мунун себеби бирөө эле — жакындарыңыздын же смарт-түзмөктөрдүн SIM-картасында каражат түгөнүп калды.

Байланыш үзгүлтүккө учурабашы үчүн «Мой О!» тиркемесиндеги «Менин номерлерим» кызматына бардык маанилүү байланыштарыңызды кошуңуз. Абоненттердин макулдугун бир жолу алсаңыз – алардын балансынын калдыгын, гигабайт жана мүнөттөрдүн топтомдорун каалаган убакта көзөмөлдөй аласыз.

Бул эмне үчүн ыңгайлуу:

• Баары бир жерде: тизмеге 50гө чейин номер кошууга болот — бул бүт үй-бүлөңүзгө жана акылдуу түзмөктөрүңүзгө жетет.

• Өз убагында жардам: каражат түгөнүп баратканы же тариф боюнча абоненттик төлөмдү төлөө убактысы келгендиги тууралуу билдирүү алгандан кийин, тизмедеги номерлердин балансын тиркеме аркылуу комиссиясыз толуктай аласыз.

• Байкатпай кам көрүү: бул тарифтерди түшүнүү кыйын болгон жана эсепти көзөмөлдөөнү унутуп калган улгайган ата-энелер үчүн эң ылайыктуу чечим. Камкордугуңузду назик көрсөтүңүз, ал эми О! Мобилдик операторунун технологиялары бул иште сизге жардам берет.

 

3 кадамды кантип кошсо болот?

  1.  «Мой О!« тиркемесин ачып, «Менин байланышым» бөлүмүнө өтүп, «Менин номерлерим» баскычын басыңыз.

  2. «Номер кошуу» баскычын тандаңыз.

  3. SMS аркылуу ырастоону күтүңүз. Номердин ээси сурам алат жана ал ырастагандан кийин номер сиздин тизмеңизде пайда болот. Эгер номер акылдуу түзмөктөр үчүн арналган тарифте тейленсе (сигнализация, акылдуу эсептегичтер, роутерлер/модемдер ж.б.), анда SIM-картанын пластик негизиндеги PIN2 кодун киргизүү жетиштүү. Андан кийин номер сиздин тизмеңизде көрүнөт.

«Менин номерлерим» кызматы акысыз, ал эми сиздин тынчтыгыңыз баа жеткис.

КР МТБМК алдындагы МБА: «НУР Телеком» ЖЧК 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.