Конкурска катышуунун шарттары:
Аккаунт 18 жашка толгон жана КР жараны болгон жеке жактын наамына катталган болушу керек;
Конкурска төмөнкүлөр катыша албайт жана катышкан учурда да, дисквалификацияланат (конкурстун катышуучусу катары каралбайт):
- Юридикалык жактар.
- Конкурстун Уюштуруучусунун кызматкерлери, ошондой эле жакын туугандары жана Уюштуруучу менен аффилирленген жактар.
Компанияларга жана уюмдарга таандык жана коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүү максатында түзүлгөн коммерциялык аккаунттар катыша албайт. Мындай аккаунттардын катарына тармактык маркетингдин катышуучуларына (анын ичинде, бирок булар менен гана чектелбестен: уюштуруучуларга, кызматкерлерине, өкүлдөрүнө жана аффилирленген жактарына) таандык аккаунттар да кирет.
Конкурстук аккаунттар: ойнотуулар менен конкурстарга катышуу максатында гана түзүлгөн аккаунттар.
Конкурстук аккаунт болуп, кийинкидей бир же бир нече белгиге/критерийге ээ аккаунттар эсептелет:
1) акыркы 6 айдан баштап бул конкурс башталган күнгө чейин эки же андан ашык башка (ар кандай) конкурска катышкан жана байге уткан (конкурстардын биринен бир эле жолку утуш жетиштүү) аккаунт бул конкурска катыша албайт.
2) акыркы 3 жылда (тийиштүү бул конкурс башталган күнгө чейин) О! мобилдик оператору, О!Bank (Мой О!), O!Store жана Saima Telecom тарабынан уюштурулган конкурстардан байге уткан аккаунттар бул конкурска катыша албайт.
3төн аз жеке сүрөт жайгаштырылган аккаунттар конкурска катышпайт.
Активдүү аккаунт – платформа менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттешүү жүргүзгөн аккаунт, анда быйылкы жылдын ичинде жок дегенде 3 публикация жарыяланган болушу керек. Активдүү аккаунт платформанын администрациясынын чечими боюнча же эреже бузуулардын натыйжасында бөгөттөлгөн же функционалы чектелген аккаунт болбошу керек.
Байге Бишкек шаарында тапшырылат.
Байгелер акчалай эквивалентте берилбейт.
Ири конкурс катары, смартфон, смарт-саат, колонка, тиричилик техникасы сыяктуу байгелер ойнотулган конкурс эсептелет.