О! түйүнүнүн 4G LTE-тармагынын 2020-жылдын биринчи айынын пландуу өнүгүүсүнүн натыйжалары

28.01.2020

Сиз жогорку ылдамдыктагы интернет үчүн роутер же вингл сатып алууну палндаштырып жатасызбы, же кайсы жерде түйүн жакшы тартарын эле билгиңиз келеби?

О! Мобилдик операторунун маалыматтарына ылайык, 2020-жылдын башында жогорку ылдамдыктагы интернет Кыргызстандын тургундарынын 97%ына жеткиликтүү болот. Бул О! түйүнүндөгү жогорку ылдамдыктагы мобилдик маалыматтарды добуштук байланыш болгон бардык жерден алууга боло тургандыгын билдирет.

«Биз 2019-жылы О! Мобилдик операторунун ишмердүүлүгүнүн тарыхындагы түйүндү өнүктүрүү боюнча масштабдуу кампанияны ишке ашырдык десек болот. Аткарылган жумуштун көлөмү бүгүнкү күндө бизге түйүндүн сыйымдуулугун көбөйтүүгө жана байланыштын сапатын бекемдөөгө ыкылас коюуга шарт түзөт. Мындан тышкары, республиканын эң алыс жайгашкан жерлеринде жаңы объектилерди куруу иштери улантылат, бирок ага чейин – 6 миллиондон ашуун кыргызстандыктар 4G LTE стандартындагы жогорку ылдамдыктагы интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту», – деп О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко жыйынтык чыгарды.

Акыркы айда эле 190дон ашуун калктуу пункттарда түйүндүн камтуу жана сыйымдуулугун кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Алардын ичинде:

Чүй облусунун 57 калктуу пунктунда: Бишкек, Токмок, Кара-Балта шаарларында, «Өскөн Ордо», «Акыл-Ордо», «Калыс-Ордо» жаңы конуштарында, ошондой эле Молдовановка, Арпа-Тектир, Жон-Арык, Ровное, Новопавловка, Военно-Антоновка, Милянфан, Тегирменти, Кайыңды, Садовое, Панфиловское, Күрпүлдөк, Александровка, Кошой, Кош-Кашат, Шамшы, Чоң-Жар, Көпүрө-Арык, Кызыл-Дыйкан, Жарды-Суу, Озерное, Геодезист, Маевка, Жаңы-Жер, Фрунзе, Жал, Ак-Жол, Кызыл-Туу, Дружба, Гидростроитель, Кең-Булуң, Чолпон, Интернациональное, Буденовка, Ак-Бешим, Чүй, Октябрьское, Восток, Ленинское, Көк-Жар, Васильевка, Алексеевка, Сосновка, Тегирменти, Кайыңды, Тар-Суу, Кызыл-Байрак, Төрт-Күл, Петровка, Беловодское, Чалдыбар, Саз, Вознесеновка айылдарында.

Ысык-Көл облусунун 21 калктуу пунктунда: Чолпон-Ата, Балыкчы, Каракол шаарларында, Жаңы-Арык, Кең-Суу, Бостери, Корумду, Өрнөк, Семеновка, Кожояр, Кара-Ой, Теплоключенка, Жол-Колот, Саруу, Тосор, Тамга, Ак-Терек, Кажы-Сай, Төрт-Күл, Тасма, Чоң Тогузбай айылдарында.

Талас облусунун 23 калктуу пунктунда: Талас шаарында жана Чоң-Кара-Буура, Кара-Буура, Куру-Маймак, Маймак, Бакай-Ата, Өзгөрүш, Ак-Дөбө, Кең-Арал, Боо-Терек, Кызыл-Адыр, Аманбаев, Жийде, Үч-Коргон, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой, Көк-Кашат, Көпүрө-Базар, Талды-Булак, Ак-Коргон, Балбал, Козучак, Бакай-Ата айылдарында.

Нарын облусунун 9 калктуу пунктунда: Нарын шаарында жана Орток, Оттук, Казан-Куйган, Кызыл-Дөбө, Мантыш, Орто-Саз, Эмгекчил, Кең-Суу айылдарында.

О! Мобилдик оператору түштүк аймактагы аткарылган жумуштар тууралуу кененирээк маалыматты жакында билдирет.

О! түйүнүнүн камтуу картасы менен www.o.kg сайтынан “Түйүн камтыган аймак” бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.


Тизмеге кайтуу