Акыркы жаңылыктар
«НУР Телеком» ЖЧК — О! Мобилдик оператору 2025-жылдын 22-июлунан тартып төмөнкү корпоративдик тарифтик пландардын аракеттери токтотуларын/жоюларын билдирет: «Premium VIP», «Корпоративный 4», «Корпоративный 6», «Бизнес Эксклюзивный», «Вечерний Бишкек», «Premium», «Premium VIP+», «Бизнес Индивидуальный», «Бизнес VIP», «Премиум VIP Умай Групп».
Саналган тарифтик пландар боюнча байланыш кызматтары көрсөтүлгөн корпоративдик Абоненттер 30 календардык күндүн ичинде башка жеткиликтүү тарифтик планга өтүшү керек. Эгерде тарифтик пландардын аракети токтотулганга/жоюлганга чейин колдонуучу башка тарифтик планга которулбаса, компания аны автоматтык түрдө башка жеткиликтүү тарифтик планга которууга аргасыз болот.
Башка жеткиликтүү тарифтик планга автоматтык түрдө которулган колдонуучулар жаңы шарттар жөнүндө толук маалымат камтылган SMS-билдирүү алышат.
Сизди кызыктырган суроолор боюнча корпоративдик топтун менеджерине кайрылсаңыз болот.
Түркиядан Кытайга чейин – О! операторунан роумингде пайдалуу интернет-топтомдор
«Переходи на О! Комбо» – 200+ каналды O!TVден акысыз көр
Жай, Ысык-Көл – О! белекке интернет жана сувенирлерди берет
Кыргыз киносу сиздин смартфонуңузда: Etnomedia бекер онлайн-кинотеатры
Термометрлер чектен чыгып жатканда, О! операторунда – үй-бүлөлүк тарифке минус 25%
Бардык жаңылыктар