Акыркы жаңылыктар

O! Мобилдик оператору Кыргызстандын санариптик инфраструктурасына системалуу түрдө инвестиция салууну улантууда. Жайкы туристтик сезондун кызуу мезгилинде компания салттуу түрдө түйүнгө жүктөм көбөйгөн Ысык-Көл облусуна өзгөчө көңүл бурду. Масштабдуу модернизациялоо республиканын бардык жети облусундагы 200дөн ашык калктуу конуштарды камтыды. Анын натыйжасында өлкөнүн 2,5 миллиондон ашык тургуну жана миңдеген эс алуучулар байланыш сапатынын жана интернет ылдамдыгынын жакшырганын сезе алышты.
Негизги көңүлдү Ысык-Көл облусуна бурабыз:
Эс алуу мезгилинин кызуу учурунда аймактагы негизги шаарларда, курорттук зоналарда жана айылдарда тармактын сапаты жакшыртылды. LTE тармагынын мүмкүнчүлүгү Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле эс алуучулар көп барган Бостери, Булан-Сөгөттү, Кара-Ой, Сары-Ой, Тамга, Бөкөнбаев, Ак-Булак, Октябрьское, Советское, Таш-Кыя, Теплоключенка, Алкым, Жеңиш, Светлая Поляна, Кажы-Сай, Төрт-Күл, Жылуу-Булак, Михайловка, Сан-Таш, Сары-Булуң, Түп жана Чоң-Тогуз-Бай сыяктуу калктуу конуштарда кыйла кеңейтилди.
Ошол эле учурда өлкөнүн башка аймактарында да тармактын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү:
• Чүй облусу: Тармактын кубаттуулугу Бишкек, Кайыңды, Кант, Кара-Балта, Орловка шаарларында, ошондой эле Ак-Бата, Аламүдүн, Арашан, Беш-Күңгөй, Восток, Кара-Жыгач, Көк-Жар, Маевка, Малиновка, Мраморное, Пригородное, Татыр, Таш-Дөбө, Сүймөнкул Чокморов атындагы айыл, Бекитай, Шабдан, Ак-Башат, Ак-Суу, Александровка, Кош-Дөбө, Мураке, Садовое, Ак-Жол, Военно-Антоновка, Достук, Жангарач, Комсомольское, Күн-Туу, Маловодное, Мирный, Новопавловка, Биринчи Май, Первомайское, Саз, Сокулук, Чат-Көл, Шалта, Кара-Дөбө, Кызыл-Аскер, Ленин-Жол, Чүй, Ак-Кудук, Бирдик, Дмитриевка, Дружба, Кеңеш, Киршелк, Красная Речка, Люксембург, Новопокровка, Өтөгөн, Совет жана Тельман атындагы айылдарда күчөтүлдү.
• Талас облусу: Жийде, Кызыл-Адыр жана Чымкент айылдарында байланыш сапаты жакшыртылды.
• Нарын облусу: Нарын шаарында жана Баетово, Кара-Бүргөн, Кош-Дөбө, Ат-Башы, Ак-Татыр, Байзак, Куйручук, Чаек, Ак-Жар, Дең-Алыш, Кара-Саз, Кум-Дөбө, Жерге-Тал, Куланак, Лакол жана Таш-Башат айылдарында байланыштын ылдамдыгы жана туруктуулугу жогорулатылды.
• Жалал-Абад облусу: Тармактын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү иштери Манас, Кара-Көл, Кербен, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларын жана Авлетим, Боспиек, Жаңы-Жол, Жаңгак, Кезарт, Кой-Таш, Курулуш, Кызыл-Жар, Кызыл-Капчыгай, Кызыл-Көл, Мукур, Нарын, Ак-Коргон, Жалгыз-Өрүк, Теңги, Ак-Тыт, Арстанбап, Жон, Кара-Ой, Кызыл-Октябрь, Тойчубек-Чек, Массы, Сакалды, Шамалды-Сай, Арал, Жаңы-Жер, Дөмөр, Кара-Алма, Кашка-Терек, Кедей-Арык, Күмүш-Азиз, Садда, Сай, Сузак, Таран-Базар, Таштак, Чымчык-Жар, Атай, Бирдик, Казарман, Кара-Суу, Жети-Өгүз, Жазы-Кечүү, Кара-Жыгач, Кызыл-Өзгөрүш, Көтөрмө, Ничке-Сай, Сары-Сегет, Терек-Суу, Чолпон-Ата, Чоң-Арык жана Чоргочу айылдарын камтыды.
• Ош облусу: Тармактын мүмкүнчүлүктөрү Ноокат жана Өзгөн шаарларында, ошондой эле Ак-Шор, Араван, Сары-Таш, Кара-Кулжа, Октябрь, Биринчи Май, Сай, Токбай-Талаа, Ылай-Талаа, Арек, Баш-Булак, Жаңы-Арык, Жылкелди, Каарман, Кара-Дөбө, Кашкар-Кыштак, Кең-Сай, Кызыл-Кыштак, Кыргыз-Чек, Кыш-Абад, Лангар, Маданият, Мады, Осмон, Отуз-Адыр, Питомник, Пятилетка, Султан-Абад, Учар, Учкун, Ынтымак, Тельман атындагы айыл, Арык-Бою, Каранай, Кожоке, Кыргыз-Ата, Нойгут, Ятан, Жыланды, Кара-Шыбак жана Карл Маркс атындагы айылдарда кеңейтилди.
• Баткен облусу: Баткен, Кызыл-Кыя, Раззаков шаарларында жана Кыштут, Паскы-Арык, Чоң-Гара, Ак-Булак, Бак, Доочар, Достук, Калтақ, Кара-Дөбө, Көк-Тал, Кыргыз-Кыштак, Сырт, Таш-Коргон, Үч-Коргон, Андарак, Бешкент, Интернационал, Катран, Лейлек жана Тайлан айылдарында тармактын кошумча мүмкүнчүлүктөрү ишке киргизилди.
«Түйүндү системалуу модернизациялоо өлкө тургундары жана миңдеген туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Интернеттин жогорку ылдамдыгы банктык кызматтарды, мамлекеттик сервистерди, карталарды, навигацияны оңой колдонууга жана эс алуудагы таасирлер менен тез бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деп белгилешти компаниядан.
O! Мобилдик оператору Кыргызстандын бардык аймактарында сапаттуу байланыш жана жогорку ылдамдыктагы интернет жеткиликтүү болушу үчүн санариптештирүүгө багытталган инвестицияларды улантууда.
Эгер сиз азырынча O! абоненти боло элек болсоңуз, анда кошулуу үчүн эң ыңгайлуу учур. «Баарына чексиз» тарифин болгону 330 сомго 4 жумага акциялык шарттар менен тандай аласыз. Тарифке жаңы SIM-картаны O!Store сатуу жана тейлөө кеңселеринен же «Мой О!» тиркемеси аркылуу активдештирүү менен кошулууга болот.
O! колдоо кызматы күнү-түнү сиздердин кызматта:
· WhatsApp: https://wa.me/996700000999;
· Telegram: https://t.me/+996700000999;
· ошондой эле Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube жана X социалдык тармактарындагы жеке билдирүүлөр аркылуу байланышууга болот.
«НУР Телеком» ЖЧК, КР МТБМК алдындагы МБА лицензиялары: №16-0062-КР, №16-0063-КР 06.12.2016-ж.

Чет өлкөлүктөр үчүн O! байланышы: eSIM онлайн же SIM-карта — каалаган өлкөнүн паспорту менен

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм
Бардык жаңылыктар