Кыргызча
<p><span style="color: rgb(236, 15, 127)">Переходи на О! </span></p><p>Баарына чексиз 500</p>
  • internetЧексиз
  • call_inАкысыз
  • call_out100 мүнөт
  • tv-chanells200 ТВ-канал
500 c / 4 жума
  • Максималдуу ылдамдыктагы чексиз интернет

  • О! түйүнүндө чексиз чалуулар жана SMS

  • КРнын башка мобилдик түйүндөрүнө чалуулар үчүн 100 мүнөт

  • Акысыз Wi-Fi таратуу үчүн 10 ГБ интернет

  • Акысыз О!TV кызматы: жогорку сапаттагы 200+ ТВ-каналы

  • Акысыз Etnomedia кызматы

  • eSIM «Мой О!» тиркемесинен жана O!Store дүкөндөрүнөн акысыз.

Толук маалымат
expanded panel icon down

Максималдуу ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү

чексиз

Акысыз Wi-Fi аркылуу таратуу үчүн интернет көлөмү

10 ГБ

Башка түйүндөргө акысыз чалуулар***

100 мүнөт

Телеканалдардын саны

200+

О! түйүнүндө чалуулар жана SMS

чексиз

КРнын дайындуу байланыш номерлерине чалуулар****

4,99 сом/мүн

КРнын башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS

1,50 сом

«Мобилдик айлык акы» кызматынын алкагындагы

тарифтин шарттарына ылайык,

КР башка мобилдик операторлорунун абоненттеринен

кирүүчү ар бир мүнөт үчүн бонус*****

1 сом

  • SIM-картаны жеткирип берүү менен бул жерде тапшырык кылса болот.

  • «Переходи на О! Баарына чексиз 500» тарифинин алкагында 200 ТВ каналын камтыган «О!TV Premium» ТВ каналдарынын топтому иштейт. Сиздин сүйүктүү ТВ каналдарыңызды көрүү үчүн AppStore (iPhone жана iPad үчүн), Google Play Market (Android үчүн) платфомаларынан жүктөп алуу же www.otv.kg веб-порталына кирүү зарыл. О!TV кызматы тууралуу толук маалымат бул жерде.

Башкаруу буйрутмалары
expanded panel icon down
  • О!TV тиркемесине жана otv.kg сайтына жаңы шартбелги алуу: *750*5#

  • О!TV кызматы боюнча маалымат алуу: *750*8#

  • Максималдуу ылдамдыктагы интернет-трафиктин калдыгын жана башка операторлордун номерлерине мүнөттөрдүн калдыгын текшерүү: *728*9#

Тариф тууралуу кошумча маалымат
expanded panel icon down
  • Маанилүү! SIM-карта катталбаган учурда байланыш кызматтары жеткиликтүү болбойт. Эгер SIM-карта активдештирилген соң 30 күндүн ичинде номер катталбаса, тарифтик планга ылайык, Сизге бардык салыктарды кошкондо, күнүнѳ 20 сом ѳлчѳмүндѳ кепилденген ээлеп туруу мѳѳнѳтү берилет. Бул мѳѳнѳттүн ичинде номериңизди каттоо мүмкүндүгү сакталып турат. Ѳздүк эсебиңизде 20 сомдон аз каражат калган учурда, оператор калдыктын суммасына кызмат кѳрсѳтүүгѳ укуктуу. Балансыңызда каражат жок болсо, номериңиз ѳчүрүлѳт – SIM-карта деактивацияланат;

  • Акциялык «Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ 500» тарифтик планы Кыргыз Республикасынын жалпы аймагындагы алдын ала төлөм тутумунун жаңы абонененттерине жеткиликтүү;

  • КР боюнча бардык чыгуучу чалуулардын баасы 3-секундага чейин – 0 сом;

  • Бардык кирүүчү чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 4,99 сом;

  • Байланыш кызматтарынын акылуу кызматтарын өчүрүү босогосу тарифтештирүүнүн мимнималдуу бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет;

  • O!Safe Kids – сизге виртуалдык жана чыныгы турмушта балаңызга кам көрүүгө, коргоого жардам бере турган кызмат.
    Өз түзүлүшүңүздө O!Safe Kids тиркемесин орнотуңуз жана «Ата-эне» режиминде ырастаныз, андан кийин балдарыңыздын түзүлүштөрүндө «Бала» режиминде ырастаңыз.
    Эми сиз дайыма:
    • Балаӊыз кайда жүргѳнүн билип, кѳзѳмѳлдѳй аласыз;
    • Түзүлүшү заряддалып-зараяддалбаганынан кабардар болуп турасыз;
    • Каалабаган сайттарды жана жагымсыз контентти бѳгѳттѳй аласыз;
    • Балаӊыз телефон жана интернет менен ѳткѳргѳн убакытты башкара аласыз;
    • Айрым тиркемелерди бѳгѳттѳп, аларды колдонуунун күнүмдүк лимитин белгилей аласыз.
    • Ал тургай балаӊыздын Facebook жана VKontakte платформаларындагы активдүүлүгүн, ошондой эле анын жаӊы досторун кѳзѳмѳлдѳй аласыз. «O! Safe Kids» кызматын portal.safekids.kg сайтынан, ошондой эле AppStore же Google Play тиркеме дүкѳндѳрүнѳн кѳчүрүп алып колдоно баштасаӊыз болот.
    Кызматты 30 күнгө кошуу: *234*1# (кызматтын наркы100 сом);
    Кызматты 365 күнгө кошуу: *234*2# (кызматтын наркы 900 сом).

  • «Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ 500» тарифтик планына кошулууда «Үн почтасы» кызматы автоматтык түрдө кошулат.

  • Жаңы SIM-картаны активдештиргенде же «Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ 500» тарифтик план үчүн абоненттик төлөм алынганда, бир гана жолу «Коңгуроо» кызматы автоматтык түрдө кошулат, «Коңгуроо» кызматы 14 календарлык күн бою акысыз көрсөтүлөт да, 15-күндөн баштап стандарттык шарттарда (акы төлөө менен) көрсөтүлө баштайт;

  • «Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ 500» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттары боюнча номерди тандап, алмаштыра алышат;

  • Эгер абоненттик төлөм алынып жаткан учурда, сиздин баланста 500 сомдон кем эмес сумма болсо, баланстагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, эгер жетишсиз сумма болсо, ал баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонууну улантуу жана интернетке кирүү үчүн абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек;

  • Эгер сизде «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги абоненттик төлөм алынып жатан учурда, баланста 500 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот;

  • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү;

  • «Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ 500» тарифтик план менен SIM-картаны активдештирүүдө, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот;

  • Тарифтин алкагында тариф үчүн ар бир абоненттик төлөм алынгандан кийин Wi-Fi аркылуу акысыз 10 ГБ интернет-трафик таратса болот. Бул интернет-трафиктин көлөмүн сарптагандан кийин смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү түйүнү катары (модем режиминде) колдонууну улантуу үчүн «Интернет тарат!» кызматын колдонуңуз;

  • «Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ 500» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алмаштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында «Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ 500» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн алынган каражаттар кайтарылбайт;

  • «Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ 500» тарифи иштеп жатканда, кийинки кызматтарды жана интернет-топтомдорду кошууга болбойт : «5+5», «Сенин нөлүң күнүмдүк!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң белекке!», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Түнкү чексиздик+», «СУПЕРХАЙП», «СУПЕРХАЙП + YouTube», «GAMER»;

  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин «адилеттүү пайдалануу саясатын» (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;

  • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын жана КРнын башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.

  • Пайдалануучуга «O!Кино» кызматынын алкагындагы контент «НУР Телеком» ЖЧК жана «ДиасТВ» ЖЧК техникалык ресурстарынын жардамы менен MEGOGO онлайн-кинотеатры аркылуу көрсөтүлөт. O!TV кызматынын чегиндеги телеканалдар «Диас ТВ» ЖЧК тарабынан жайылтылат.

  • Абоненттик төлөмдүн жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;

  • Алдын ала белгиленген тарифи менен SIM-карталар үчүн «Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ 500» Акциясынын мөөнөтү аларды активдештиргенге чейин узартылды.

  • Тарифтик план боюнча абоненттик төлөмдү алуу үчүн жетиштүү баштапкы балансы жок бул тарифтик план менен SIM-карталардын алкагында, өздүк эсепти абоненттик төлөмдү алуу үчүн жетиштүү суммага толуктаганга чейин байланыш кызматтары Оной+ базалык тарифтик планынын шарттарында көрсөтүлөт.

    *** Наркы алгачкы 100 мүнөт үчүн абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 28 календарлык күндүн ичинде жарамдуу. 101- мүнөттөн тартып КР башка мобилдик GSM байланыш операторлорунун номерлерине 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 2,8 сомду түзөт. Эгер абонент КР мобилдик операторлорунун номерлерине акысыз чалуулардын бардык 100 мүнөтүн сарптай элек болсо, кезектеги абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мүнөттөр жокко чыгарылат.

    **** Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/5,99 сом;

    **** Тарифке которулганда же бул тариф менен SIM-картаны активдештиргенде автоматтык түрдө «Мобилдик айлык акы!» кызматы - 30 сутка акысыз мөөнөт менен кошулат. Акысыз мөөнөт бүтөрү менен (31-суткада) «Мобилдик айлык акы!» кызматы өз алдынча өчүрүлгөнгө чейин стандарттык шарттарда (акы төлөө менен) көрсөтүлөт.