Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын 4G LTE-лидери бүт өлкө боюнча төртүнчү муундун тармагынын сапатын жакшыртууну улантууда. Бул жумуштардын натыйжасында О! Мобилдик операторунун 4G LTЕ тармагынын сыйымдуулугу акыркы жылда 2,5 эсеге өстү.
Жалпысынан 2019-жылы мобилдик интернеттин 4G-ылдамдыгынын жана байланыш сапатынын жакшыргандыгын алыс жайгашкан 1300дөн ашуун калктуу конуштардын тургундары байкай алышты.
Мобилдик технологиялар бизнести ыкчам жүргүзүүгө жана өлкөнүн башка бурчунда туруп эле маселелерин чечүүгө, чет өлкөлүк эксперттерден билим алууга жардам берет. Жогорку ылдамдыктагы технология кыргызстандыктар тарабынан көп керектеле баштады, акыркы 2 жылдын ичинде О! тармагынын интернет-трафигинин көлөмү алты эсеге өстү. Бүгүнкү күнү смартфондор менен кыргызстандыктардын 70%ы колдонот.
О! Мобилдик операторунун байланышчылары байланыштын сапатын күнү-түнү көзөмөлдөп турушат. Тармактын сыйымдуулугу жана камтуусу боюнча жакында эле аткарылган жумуштар төмөндөгү аймактарды камтыды:
Чүй облусунда: Бишкек шаары жана Төш-Булак, Бөрүлү, Саз, Чолок-Арык, Первомайское, Дружба, Арал, Сокулук айылдары;
Ысык-Көл облусунда: Орто-Өрүктү айылы;
Талас облусунда: Кең-Арал, Көпүрө-Базар, Кара-Суу, Манас, Атай Огонбаев, Чыйырчык, Кара-Суу, Көк-Кашат, Манас, Талды-Булак, Ак-Коргон, Балбал, Козучак, Нылды, Көк-Ой айылдары;
Жалал-Абад облусунда: Таш-Көмүр, Токтогул шаарлары, Улук, Торук, Товар-Сай, Байкашка-Терек, Баймундуз, Бешик-Жон, Первое Мая, Кызыл-Октябрь, Шыдыр, Жаңы-Арык, Ак-Терек, Ак-Жол, Тегене, Базар-Коргон, Жеңиш, Кичи-Бүргөндү, Курама айылдары;
Баткен облусунда: Таш-Кыя, Пүлгөн, Кара-Дөбө,Үч-Коргон, Какыр айылдары.
Лидерден 4G сигналын күйгүз!
О! Мобилдик оператору –4G LTE-тармагынын камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын гана эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында дагы лидер болуп саналат. О! Мобилдик оператору Кыргызстандын калкынын 95%ын төртүнчү муундагы зымсыз технология менен камсыздап жатат.
Камтуу картасы www.o.kg сайтында "Тармак камтыган аймак" бөлүмүндө жеткиликтүү.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Батыраак O!Store'го: аксессуарларга –31% жана Honor'дон сонун белектер

О! Мобилдик оператору эл аралык WOW! HR 2025 сыйлыгын утуп алды

Балатынын астына белектерди сатып алыңыз жана 2% кешбэк кайтарып алыңыз

O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
Бардык жаңылыктар