Оңой+

Оңой+


Жеңил жана оңой баарлашыңыз!

    Абоненттик тѳлѳмсүз «Оңой+» тарифтик планы.

    Мобилдик интернеттик, чалуулар менен SMS билдирүүлѳрдүн тѳмѳн тарифтештирүүсү.

    Уюлдук байланышын керектүү гана учурларда пайдаланган адамдар үчүн ыӊгайлуу.

Тарифтик планды алмаштыруу үчүн буйрутма:
  1556#

Баалар жана тарифтештирүү
О! түйүнүнүн ичинде чалуулар жана SMS билдирүүлѳр (мүн./даана) 1 сом
1 МБ интернет-трафик (күнү-түнү) 1 сом
Кыргызстандын бардык операторлоруна SMS билдирүүлѳр 1 сом
Кыргыз Республикасынын башка мобилдик операторлорунун номерлерине чалуулар* 3,5 сом/мүн.
Кыргыз Республикасынын дайындуу байланыш операторлорунун номерлерине чалуулар** 3,5 сом/мүн.

    Чалууларды тарифтештирүү кадамы 10 секунд. Интернет кызматтарын тарифтештирүү кадамы 100 Кб.

    Баалар салыктардын бардыгын эсепке алуу менен кѳрсѳтүлгѳн.

Тариф жѳнүндѳ кошумча маалымат

  • Тарифтик планды алмаштыруу бардык салыктар эсепке алынганда 20 сомду түзѳт.

  • Чалуулардын акысыз тарифтештирилген босогосу 3 секундага чейин.
  • Абоненттик төлөм – акысыз.
  • Түз эмес болгон номерлерге сырттан келген бардык чалуулар (префикс 500, 501, 502, 505, 507, 508, 509, 700, 701, 702, 703, 704, 706, 707, 708, 709) – акысыз.

  • КРнын стационардык телефондорун эсепке албаганда түз номерге (префикс 0705) чалуулар акысыз.

  • Түз номерге стационардык телефондордон чалуулар – мүнөтүнө 3,5 сом.

  • Акы тѳлѳнүүчү байланыш кызматтарын ѳчүрүү босогосу тарифтештирүүнүн минималдуу бирдигин тѳлѳѳ үчүн зарыл болгон акча каражатынын ѳлчѳмүнѳ барабар.

  • Тарифтик планга кошулууда «Үн почтасы» кызматы автоматтуу түрдө жана акысыз активдештирилет.

  • «Оңой+» тарифтик планында «5+5» кызматы автоматтык кошулган, анын чегинде абоненттерге күн сайын О! түйүн ичинде 5 акысыз мүнөт жана 5 акысыз SMS берилет.

  • «5+5» кызматын пайдалангандыгы үчүн күнүмдүк абоненттик төлөм бардык салыктарды эсепке алуу менен суткасына 5 сомду түзөт. Учурдагы суткалар үчүн абоненттик төлөмдү алуу түйүн ичинде болгон учурларда – О! түйүн ичинде чыгуучу чалууда же SMS жөнөтүүдө жүргүзүлөт. Эгер учурдагы суткаларда түйүн ичинде болгон учурлар жок болсо, «5+5» кызматы боюнча абоненттик төлөм алынбайт.

  • «5+5» кызматынын чегиндеги түйүн ичинде акысыз чыгуучу чалуулар жана SMS абоненттин балансында 10 (он) сомго барабар же андан көп сумма болгондо жеткиликтүү. Абоненттин балансында 10 (он) сомдон аз сумма болсо, абонентке тарифтик пландын шарттарына ылайык тарифтелүүчү байланыш кызматтары гана жеткиликтүү болот.

  • «5+5» кызматын кошуу үчүн *505#, өчүрүү үчүн*505*0# терүү керек.

*Кыргыз Республикасынын башка мобилдик операторлорунун номерлерине «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom бренди), «Скай Мобайл» ЖЧК (Beeline бренди), «КТ Мобайл» ЖЧК (SALAM бренди) номерлери кирет.

**Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифтештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалуулардан башка.